Нарын: Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Нарын облусунун Кочкор районунда Үй-бүлөлүк медицина борборунун тиш доктурлары алдамчылык жол менен 667 миң сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан. Кылмыш иши козголду. Аны Нарын облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) иликтеп жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кочкор районунун Үй-бүлөлүк медицина борборунун тиш доктур-дарыгерлери 2014-жылдан 2016-жылга чейин бейтаптарды кабыл алуу журналына жалган маалыматтарды киргизишкен.

Ошентип, алар бейтаптарды дарылоо үчүн 667 миң сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Ошондой эле тергөө Үй-бүлөлүк медицина борбору врач-психиатрынын айлык маянасына врач-наркологдун ыктымал жогорку категориясы үчүн мыйзамсыз кошумча төлөмдөрдү кошуп келгенин жана факт боюнча аталган дарыгердин жогорку категориясы болгон эместигин аныктаган.

Натыйжада Үй-бүлөлүк медицина борборунун иш-аракеттеринен улам мамлекетке 697 миң сом өлчөмдө зыян келтирилген.

Кочкор районунун прокуратурасы «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алып, коромжулук кылуу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш ишин мындан аркы иликтөө үчүн Нарын облусу боюнча УКМКга өткөрүп беришти.

Иллюстративдик сүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: