Кыргыз бийлиги «Бабаларды эскерүү күнү» үчүн Орусия менен айтышууда

Орусиянын Мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедев Кыргызстанда Октябрь революциясынын күнүн «Тарых күнү» менен «Бабаларды эскерүү күнүнө» алмаштырууну «душмандык кадам» деп атады.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы Лебедевдин «кыргыздар Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүшүн улуттук майрам кылып алышты» деген билдирүүсүн сынга алды.

Президенттин аппараты билдиргендей, анын айткандары «анын окуянын контекстин толугу менен түшүнбөгөнүн айгинелеп турат».  

«Бул теманы өз мүдөөсүнө пайдалануу аракети менен өз мамилесин эмгек мигранттарынан чыгаруу адептүүлүккө жатпайт жана суверендүү мамлекетке карата кечиримдүү эмес», — деп айтылган билдирүүдө.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, 1916-жылдагы окуяларды өлкөдө «Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери» катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш. Анткени ошол кездеги Орусияда бийликтин алмашуусу кыргыздарга эле эмес, колониалдык эзүү алдында жашаган башка элдерге да сакталып калууга жана ХХ кылымда өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө ээ болушуна «мүмкүндүк» берген.

«1916-жылдагы окуялар бир дагы кыргызстандык үчүн майрам эмес. Бул биз үчүн улуттук аза. Үркүн дайым биздин эсибизде болот», — деп айтылган билдирүүдө.

Мамдуманын вице-спикери Игорь Лебедев 26-октябрда «РИА Новости» басылмасына курган маегинде, Кыргызстандын жарандарынын жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен иштөөсүнө тыюу салган өзгөртүүлөрдү киргизе тургандыгын билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандарына «саясий түшүнүктөр» үчүн эле улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү колдонууга уруксат беришкен.

«Кыргызстанда орус тили экинчи расмий тил катары эсептелет. Бирок биз азыр кыргыздар Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүү күнүн улуттук майрам кылып алышканын көрүп турабыз. Биз бул нерсени биздин өлкөгө карата абдан эле душмандык кадам деп эсептейбиз жана ошондогу укук боюнча өзгөртүүлөрдү кабыл алуудагы көздөлгөн саясий жүйөөлөр жоголуп кетти. Ошондуктан өзгөртүүлөрдү алып салуу керек», — деген ал.

Президент Алмазбек Атамбаев «Тарых күнү» менен «Бабаларды эскерүү күнү» боюнча жарлыкка кол койгон. Жаңы майрамдар 7-8-ноябрга белгиленген. Бул дем алыш жана иш эмес күндөр болот. Сунушту парламент жактырышы керек.