Кыргызстандын ТИМи: Казакстандын чек арадагы аракеттери өлкөлөр ортосундагы «өнөктөштүктүн деңгээлине жооп бербейт»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Казакстандын чек арадагы аракеттери эки өлөнүн ортосундагы «өнөктөштүк алакаларынын деңгээлине жооп бербейт» . Аталган мекеме Казакстандын бийлигин алар чек арадагы кырдаал боюнча эки мамлекеттин коомчулугуна «туура эмес» маалымат берип жаткандыкка айыптады.

Кыргызстандын ТИМнин өкүлү Айымкан Кулукеева билдиргендей, казак тараптын кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөткөнү өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк алакалардын деңгээлине жооп бербейт.

«Мындай чараларды киргизүү ЕАЭБдин максаттарына жана КР менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк алакаларынын деңгээлине жооп бербейт», — деп жазган Кулукеева.

Ал казак тарап дайыма «чек арадагы көзөмөл күчөп жатканынын себебин ар башкча түшүндүрөт» деп кошумчалады.

Мисалы, казак бийлиги 11-октябрда чек арадагы өз аракеттерин аткезчилер менен террористтерди колго түшүрүү боюнча «пландык операция» деп аташкан.

Үч күндөн кийин казак бийлиги Кыргызстанда шайлоо болуп жаткан үчүн чек арада көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирген.

Ал эми 15-октябрда президенттик шайлоо күнү казак бийлиги алардын аракеттери «мыйзамсыз» кирип жаткан товарлардын санын азайтуу максатында болгонун билдирген.

«Андыктан Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өтүдөө тартиптин күчөтүлүшүнө багытталган чаралар боюнча дал ошо казак тарап Казакстан менен Кыргызстандын коомчулугуна туура эмес маалымат берип жатат», — деп жазган Кулукеева.

Кыргызстандын ТИМнин билдирүүсү казак тараптын Бишкекте 26-октябрда кыргыз жарандарынын Казакстандын элчилигинин алдында өткөргөн митингине байланыштуу реакциясына жооп кайтаруу болуп калды.

Каршылык ациясына чыккандар казак бийлигинин чек арадагы аракеттерине наарызы болушкан. Алар чек ара аркылуу өтүүдөгү эркин кыймыл ЕАЭБдин нормаларында жазылганын билдиришкен.

Казак ТИМнин пикирине ылайык, кыргыз коомчулугу «эки өлкөнүн ортосундагы кырдаал боюнча туура эмес маалымдалган».

Казак тарап 18-октябрда Астанада Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлеринин ортосунда жетишилген келишимдер толугу менен аткарылууда деп эсептейт.

Бирок эки өлкөнүн ортосундагы бардык келишимдерге карабастан, чек арада жүктүү фуралардын километрлер созулган тыгындары сакталууда.

Дипломатиялык чыр

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин Казакстандын чек арачылары 10-октябрда жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин күчтөндүргөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр чогулуп, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Учурда эң башкы көйгөй — чек арадан жүктүү фуралардын казак чек арачылары тарабына жай өткөрүлүүсүндө.


ТЕМА БОЮНЧА: