Назарбаев казак тилин латын арибине өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак тилин латын арибине өткөрүү боюнча токтомго кол койду. 2025 жылга чейин акырындык менен жаңы алфавитке толугу менен өтүү пландалууда.

Назарбаев кириллицадан латын арибине өтүү жарлыгына 26-октябрда кол койду. Президенттин токтомуна ылайык, латын арибине өтүү 2025-жылга чейин ишке ашырылышы керек.

Латын арибинен турган казак алфавити 32 тамганы түзөт — казак тилинин айрым бөтөнчө бир дабыштары жазмаларда апострофту кошуу аркылуу көрсөтүлөт.

Мисалы, «Ш» тамгасы латын арибинде «S’» деп жызылып, казак тилиндеги «ғ» тыбышы «G’» болуп калат, ал эми «Ч» тамгасы «С’» деп жазыла баштайт.

Президент өкмөткө казак тилин латын арибине өткөрү боюнча Улуттук комиссия түзүп, ошондой эле, мыйзам чараларын кабыл алууну тапшырды.

Назарбаев казак алфавитинин бирдиктүү латын арип стандартына өтүүсү боюнча үстүбүздөгү жылдын апрелинде билдирген.

Анын айтымында, жаңы алфавит коомду заман талабына натыйжалуураак ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берет, тышкы дүйнө менен карым-катышты жеңилдетет жана балдарга англис тилин үйрөнүүгө жардам берет.

Жаңы алфавитке өтүү боюнча адистерди даярдоо 2018-жылы башталат.

Казакстан латын тамгаларын 1929-жылдан 1940-жылга чейин пайдаланып, андан кийин кирилл арибине өткөн.

Азыр кирилл жазуусуна негизделген алфавитти пайдаланууну Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан улантууда.


ТЕМА БОЮНЧА: