Видео: Бишкектеги Тарых музейи оңдолгондон кийин кандай болуп калат?

Президенттин басма сөз кызматынын оператору ютубда Бишкектин Тарых музейине болгон видео-тур жарыялады. Бишкектиктер Тарых музейи оңдолгондон кийин кандай болуп калаарын көрө алышат.

Видеону 28-октябрда президенттин басма сөз кызматынын оператору Улан Сатиев жарыялаган.

Сегиз мунөттүк ролик копьютердик графиканын жардамы менен жасалып, Бишкектеги Тарых муйзейинин ички жана тышкы келбетин көрсөтүп турат.

Видеодо башкы кире бериштин алдына төрт катар бак-дарактар менен көчөттөр отургузула турганы көрсөтүлгөн.

Ичинде бир гана көрсөтмө аянтчалары болбостон, көрүүчүлөр үчүн эс алуу жайлар, жыйындар залы болот. Мындан тышкары, кабаттардын биринде видео экран орнотулат.

Тарых музейин оңдоо иштери 2016-жылдын мартында башталган.

Оңдоо иштерин 2016-жылдын 31-августуна бүтүрүү пландалган, бирок реконструкция бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Башында Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча түрк агенттиги музейди толугу менен оңдой турганын билдирген болчу.

Бирок түрк тарап  2017-жылдын агустунда музейдин тышы менен айланасын гана оңдой турганын билдирген.

Оңдоо иштеринин калган жарымын Кыргызстандын өкмөтү өз мойнуна алган.

Тарых музейинин айланасында биздин доордун IV-V кылымдарына таандык аялдын мумиясынын жерге берилиши менен 503 экспонаттын жоголушуна байланыштуу бир нече жолу ызы-чуу чыккан.

Бул окуяларга байланыштуу Коопсуздук кеңеш өкмөткө Маданият министрлигинин ишмердигин талдоо жүргүзүүнү кеңеш кылган.

Андан көп өтпөй эле аталган министрликтин башчысы Түгөлбай Казаков кызматтан кеткен.