Бишкек: Прокуратура курулуп жаткан үйдүн урашы боюнча кылмыш ишин козгоду

Прокуратура Бишкектин түштүгүндөгү курулуп жаткан имараттын урашынан кийин курулуш компаниясы менен Мамэкотехинспециясынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Имараттын урашынын натыйжасында 11 курулушчу жабыркаган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь райондук прокуратурасы Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имараттын ураган фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө Мамэкотехинспекция имараттын курулушунун жүрүшүн текшербегинин аныктаган.

«Мамэкотехинспекциясынын кызмат адамдары курулуштун этаптарына мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүшпөгөнүн аныктаган […]», — деп билдиришти прокуратурадан.

Көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпы аянты 740 чарчы метрди түзгөн башка имаратка улай курулуп жаткан үйдүн урашы курулуш эрежелери бузулгандыктан улам болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Мамэкотехинспекция менен «Авангард стиль» курулуш компаниясынын кызматкерлери «көмүскө келишим түзүүүгө барышкан».

«Төмөндө көрсөтүлгөн окуялардан кийин Мамэкотехинспекциясынын кызмат адамдары өздөрүнүн укук ченемдеринен тышкары чыккан аракеттерин жашыруу максатында курулуш компаниясынын кайсыл бир кызматкерлери менен көмүскө келишим түзүүгө барышып, 2017-жылдын май айынан баштап август айларынын аралагында аткарылган этаптык жумуштар боюнча жасалмак акт түзүп катташкан», — деп айтылат маалыматта.

Прокуратура үч берене боюнча кылмыш иштерин козгоду:

  • «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу»;
  • «Кызматтык бүтүм чыгаруу»;
  • «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу».

Имараттын урашынан кийин Мамэкотехинспекциясынын башкы инспектору Шараф Ачылдиев билдиргендей, бул объектте пландык рейд жүргүзүлгөн жана курулуш жүргүзгөн фирмага имаратты курулуш нормаларынын бардык тийиштүү талаптарына ылайык келтирүүсү боюнча билдирме калтырылган.

«Бул эреже бузуу үчүн курулуш жүргүзүү менен техникалык көзөмөл кылган жетекчи, прораб жоопкерчилик тартат. Бул адамдар курулуш объектисинде болуулары керек болчу. Күнөөлүү адамдарды аныктайбыз», — деген ал.

Имараттын урашы 23-октябрда күндүз болуп, 11 адам жабыркаган. Тогуз курулушчуга окуя болгон жерден жардам көрсөтүлүп, дагы экөөсү оор абалда ооруканага жеткирилген.


ТЕМА БОЮНЧА: