Казакстанда Кыргызстандын 100 кг ашуун быштагы жок кылынды

Казакстандын айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөл комитети Кыргызстандын 100 киллограммдан ашуун быштагын жок кылды. Комитеттин маалыматына ылайык, продукция санитардык нормалардын талаптарына жооп бербейт.

Ветеринардык комитет Алматы шаарындагы «Шарапат» компаниясынын кампасында үч кыргыз соода маркасынын — Bergader соода маркасынын чечил быштагын, Bykoff жеке ишканасынын сулугуни быштагын жана «Ала-тоо-сүт» компаниясынын эчки быштагын — жалпы 127,8 кг быштакты тапкан.

Ветеринардык көзөмөл комитетинин маалыматына ылайык, компаниялар өндүрүмдүн зыянсыздыгын далилдеген ветеринардык документтерди көрсөтүшкөн эмес.

Ошондой эле, быштактарда сактоо менен өндүрүлгөн күндүн мөөнөтү жазылган эмес. Мындан тышкары, Казакстанга өз өндүрүмдөрүн ташый ала турган ишканалардын тизмеги реестрде жок болгон.

«Бардык өндүрүмдөр кийин жок кылуу шарты менен сатыктан алынды», — деп билдиришти Казакстандын ветеринардык көзөмөл комитетинен.

Мурдараак 24-октябрда фитосанитардык сертификаттын жоктугунан улам Кыргызстандан алынып барылган 400 тоннадан ашык жашылча жемиштерди кайра кайтарышкан.

Кыргызстандын өкмөтү 30-октябрда Казакстан тараптан чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө жооп иретинде чараларды көрмөкчү.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып Казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин казак чек арачылары чек арадагы көзөмөлдү күчөтүшкөн.

Кыргызстандын өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр жаралып, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Учурда эң башкы көйгөй — чек арадан жүктүү фуралардын казак чек арачылары тарабына жай өткөрүлүүсүндө.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги тыгын 12 чакырымга чейин созулуп, тыгында 500дөн ашуун жүктүү унаа чогулуп калган. Айдоочулар Казакстанга өтүш үчүн кезек күтүүлөрдө бир нече сутка турууга мажбур болушууда.


ТЕМА БОЮНЧА: