Озерное айылына жакын жерде «Штурмовик» клубунун туулган күнүнө арналган жолтандабастардын жарышы өттү. Жарышка Кыргызстан менен Казакстандын 40ка жакын жолтандабастары менен квадроциклдери катышышты. Жалпысынан спортчулар жарышты уюштурууга 300 миң сомдон ашык каражат коротушкан.

«Штурмовик» авто клубу өзүнүн төрт жылдыгына арнап жолтандабастардын айдоочуларынын күзгү жарышын уюштурду.

Озерное айылынын жанындагы миң чакырым болгон чуңкурдагы экстремалдуу жарыш 29-октябрда өттү.

Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg
Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg

Жалпысынан жарышка 40 айдоочу катышкан, алардын ичинен сегиз катышуучу Казакстандан келишкен.

Уюштуруучу Александр Сальниковдун айтымында, ижара менен аянтты даярдоого спортчулар өздөрү каражат чогултушкан — каражаттын өлчөмү 320 миң сомду түзгөн.

Сальников байге фонду боюнча суроого күлүп, андан соң алардын ичиндеги кабыл алынган тамаша менен жооп берди.

«Машиналарды чупа-чупс үчүн талкалайбыз, чоңун биринчи орунга, кичинерээгин — экинчи орунга, эң кичинекейин үчүнчү орунга беребиз» — деди ал. Жеңүүчүлөргө бериле турган байге ардак грамоталар менен унаа тетиктери болду.

Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg
Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg

Жарыштын катышуучусу Сергей Звонковдун айтымында, ал жана анын штурманы Руслан Шарипов иш-чара жөнүндө үч күн калганда угуп калышып, машинаны даярдай башташкан.

«Негизинен, сатып албай, жөн гана машинаны жарышка даярдоо үчүн эки миң долларга чейин акча кетиши мүмкүн. Мына азыр жарыштан кийин, оңдоо үчүн дагы аз дегенде 200 бакс сарпталышы мүмкүн деп айта алам. Бирок бул акча жарыштын өзүнөн алган сезимге салыштырмалуу эмнеге турат?Эч нерсеге» — деди ал.

Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg

«Бул жердеги катышуучулардын бардыгы чоң энтузиасттар, анткени спорт абдан чыгашалуу. Жолду даярдоо абдан эле кымбатка турат, андан соң жарыштын өзүндө бир саат жарышка машинага 40 литр күйүүчү май керектелет. Көпчүлүк бул нерсени түшүнбөйт, мисалы мен өзүм дагы жарышам, болгону бул жарышка машинамды даярдаганга үлгүрбөй калдым. Биз үчүн бул — адреналин», — деди уюштуруучулардын бири Александр Сальников.

 

Звонков бала чагында эле оюнчук машиналар менен ойноп, дайыма сүзүшүүлөрдү сымалдаштырып, машиналарды тоскоолдуктарга түрткөнүн айтып берди.

Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg
Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg

«Ал эми шаарда, албетте, бул нерсени кезиктирбейсиң. Бирок бул жерде балалык кыялдар орундалат. Мен көп адреналин менен жарыштарга катышуудан жөнөкөй ырахатты сезип жатам», — деди ал.

Руслан Шариповдун айтымында, машинага пилот дагы, штурман дагы батышкан.

«Бирок тилекке каршы азырынча жолтандабастардын таймашынын маданияты жок. Көрүүчүлөр дайыма жолго чуркап чыга калышат, ал эми биз балчыкта тыгылып турганда жакындап келишип, таптакыр эле өздөрүнүн коопсуздуктары жөнүндө ойлонушпайт. Терезенин бардыгы кир да, эч нерсе көрүнбөйт, эгерде байкоосуздан башка жакка буруп алсак кырсык болуп кетиши мүмкүн да», — дейт ал.

Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg

Спортчуларды колдоо үчүн Озерное айлына 500дөн кем эмес адам келген. Сүрөөнчүлөрдүн көпчүлүгү спортчулардын бир туугандары болушту, дагы башка көпчүлүк үй-бүлөлөрү менен жөн гана шашлыкка келишкен.

Жарыш учурунда бир жолтандабас оодарылып дөңгөлөгү асманды карап калган, бирок катышуучулар, калыстар тобу жана көрүүчүлөр аны «бат эле бутуна тургузушуп», авто унаа жарышка катышууну улантты.

Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg
Сүрөт: Рустем Ильясов, Kloop.kg

Балчыкка квадроциклдер дагы тыгылып калып жатты, бирок кыйынчылыктарга карабастан ар бир айдоочу маарага жетип жатты.

Автор: Александра Титова

Сүрөт: Рустем Ильясов


ТЕМА БОЮНЧА: