Бишкек: Милиция аянттагы мрамор колонналарына жазып кеткен вандалды издеп жатат

Шаардык милиция Ала-Тоо аянтындагы «Илбирстин» имаратынын сегиз колоннасына аэрозоль краскасы менен жазып кеткен адамды издеп жатат. Мэриянын кызматкерлери бардык коланналарды жазуулардан тазалалап койгон.

Милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар тартип бузганды издеп, анын өздүгүн аныктоо менен алектенишүүдө.

«Учурда биз бул административдик укук бузуу же дагы башка бир нерсе болгонун билүү үчүн юридикалык баа берүүнү жүргүзүүдөбүз», — деп билдиришти милициядан.

«Прецедент» компаниясын юристи Ильяна Жедигерова Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, жазмалардын авторуна «Вандализм» же «Бейбаштык» беренелери боюнча 10 миң сомдон 25 миң сомго чейин штраф салынышы мүмкүн.

Аэрозоль краскасы менен жазылган «Лео», «Мека, мен сени ж..» деген колоннадагы жазмалар 30-октябрь күнү кечинде пайда болгон. «Тазалыктын» кызматкерлери аны өчүрүшкөн. Бирок 31-октябрда бул жазмалар имараттын колоннасында кайра пайда болуп калган.

ТЕМА БОЮНЧА: