Акыйкатчы жолтандабас сатып алуудан баш тартып, 1,5 млн сомду балдарга берет

Акыйкатчы институтунда 1,5 млн сомго жолтандабасты сатып алуу боюнча тендерден баш тартышты. Авто унаа сатып алууга кете турган каражатты аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына которуп берүүнү пландашууда.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1,5 млн сомго жолтандабас сатып алууга жарыяланган тендерден баш тартыштты.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул туурасында катты Каржы министри Адылбек Касымалиевге жөнөттү. Оторбаев мамбюджетти үнөмдөө максатында сатып алуудан баш тартып жатканын түшүндүрдү.

Акыйкатчы министрди каражатты аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына жэардам кылып өткөрүп берүүнү суранды.

Акыйкатчы үчүн жолтандабас

Акыйкатчы институту 1,5 млн 576 миң сомго жолтандабас сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.

Тендердин шарттары боюнча, машина 1-декабрга чейин аталган мекеменин имаратынын алдына жеткирилип берилиши керек болчу. Акыйкатчы институтуна так кандай үлгүдөгү жолтандабас керек экени ачыкталган эмес, бирок машинанын өңү «боз, ак же күмүш түстүү» болушу керек.

Бирок бул чечими кийинчерээк коомчулук тарабынан сынга алынган, анткени акыйкатчы институтунда бир жылга чукул каралбай калган жолтандабас токтоп турган.

Жапониялык машина институт тарабынан 2013-жылы «демөөрчүлөрдүн каражатына» сатып алынып, аны айрым бир учурларда ошол кезде акыйкатчынын кызматын аркалап турган Турсунбек Акун колдонуп жүргөн.

Аталган мекемеде, авто унаа аларга таандык экенин, бирок алардын жолтандабасты колдонуусу үчүн каражаттары жок деп билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: