Сүрөт Бермет Талант кызынын жеке блогунан алынды.

Бул колонка блогер Бермет Талант кызынын жеке барагында жарыяланган. «Пикир» бөлүмүндөгү материалдар авторлордун жеке көз карашын билдирет.

Мен Бабур Төлбаев менен 2011-жылы K-News маалымат агенттигинин кабарчысы болуп жүргөн кезде таанышкам. Анда ал өзүнүн Кыргызстандагы жана Орусиядагы «Мол-Булак» микрокредиттик компаниясын жаңыдан өнүктүрө баштап, кайсыл бир учурларда биздин басылма үчүн колумнист болгон.

Мага алардын кызыктуу «Мол-Булак Ферма» долбоору, жаш артисттер менен Enactusтун студенттерин колдогонун жана анын #OneMagazine журналынын версиясы боюнча «Жылдын ишкер персонасы» наамын алганы жакшы эсимде бар.

Демек бардык социалдык жоопкерчиликтер менен кайрымдуулуктар — бул жок нерселер. Ийгиликтүү ишкер жана меценат, «бардыгындай эле ой жүгүртө бербеген новатор адам» Бабур Төлбаев — аябай эки жүздүү.

Ал «Раз на раз» берүүсүнө курган маегинде аялдар тууралуу ой жүгүртөт (видеону Данияр Айтман жүктөгөн).

Төлбаевдин айтымында, «аялдардын лидерлиги — бул болбогон нерсе», бирок анын бардык бизнеси аялдардын өз үй-бүлөлөрүн багуу үчүн «Мол-Булактан» жылдык 30,9%-38,9% чоң пайыз менен айыл жергесинде жана Орусиядагы Борбор Азиянын мигрант-аялдардын ат көтөргүс эмгегине курулган.

Факттарды көрсөтөйүн.

Компаниянын сайтына ылайык, бүгүн «Мол-Булактын» кеңселери Орусияда, Кыргызстанда жана Азербайжанда иштейт. Ал эми алардын негизги кардарлары — аялдар.

Компанияда чечим чыгаруу процесстеринде аялдар жигердүү катышышат. Аялдар жетекчиликтин жогорку командасында көрсөтүлгөн жана күнүмдүк операцияларда алдыңкы ролдордо ойношот.

Биздин кардарлардын 80 пайызга жакыны аялдар. Микрокаржылоонун дүйнөлүк практикасы көрсөтүп тургандай, аялдар каржы жаатында абдан жоопкерчиликтүү келишет жана чоң кайтарымдуулук пайызына ээ. Алар эркектерге караганда көбөйтүлгөн кирешелерди көбүнесе үй-бүлөгө жана өз балдарынын келечегине инвестиция кылууга жөндөмдүү.

Аялдардын окуяларынын «Ийгилик тарыхы» бөлүмүндө жолдошторунан жана Аллахтан ырайым күтпөгөн укмуштуу аялдар демилгени өз колдоруна алышып, карыз таап жана өздөрүнүн чакан бизнестерин ачышат.

Мына мынтип «Мол Булак өзүнүн Жалал-Абад облусундагы Сузак районун «темир айымы» Зумратхон Парпиеванын ийгилик тарыхын баяндайт.

… биздин жайкы мыкты окуяларыбыз уникалдуу, күчтүү, максатка жетүүгө умтулган, максат койгонду билген жана аларга эч нерсеге карабастан жеткен аял жөнүндө баяндайт.

Бабур, бул лидерлик эмей эле эмне?

Бабур Төлбаев — эки жүздүү. Ал «аялдардын лидерлиги» — бул болбогон нерсе деп атоодо, бирок анын эки топ менежери менен Директорлор кеңешинин мүчөсү — аялдар.

«Аялдарга билим алуу милдеттүү эмес, аял үчүн мыкты МВА — бул 30 жашка чейин турмушка чыгуу», «Эң башкысы — турмушка чыгып, ден соолук мүмкүндүк берсе ошончо көп бала төрөө», — дейт Төлбаев.  

Менимче, анда ал бул нерсени өзүнүн Эдмунд Маскинин программасын окуган жана Louisiana State Universityнин LLM укугу боюнча магистрдик даражасы бар инвестиция жаатындагы өзүнүн директору Таятьяна Воробьевага же эки жогорку билими бар өзүнүн аткаруу директору Айнагүл Самидиновага же укук жана экономика боюнча эки магистрдик даражасы бар «Мол Булак Финанстын» Директорлор кеңешинин мүчөсү Людмила Мишукованын бетине айтышы керек.

Көрүнүп тургандай эле, Төлбаев үчүн аялдар эки категорияга бөлүнөт: аны тейлегендер, анын жубайындай жана ал анын компаниясынын кызматкерлери менен кардарларынын эсебинен байлыгын көбөйтүп жаткандар. Төлбаевдин амбициясы жөнүндө ал маек куруп жаткан учурда акча жана олигарх Алишер Усмановго суктанып жатканын карап билсе болот.

Бабур Төлбаев менен болгон «Раз на раз» берүүсүнөн скриншот. Автор: Данияр Айтман.

Тилекке каршы, Төлбаев анын абалы менен байлыгы ага аялдарды кемсинткенге укук берет деп эсептеген жалгыз эркек эмес.

Акча жана бийлик менен бекитилген мына ушул гендердик артыкчылык сезими анын абалы ага жаш актрисаларга асылып жана жыныстык катнашка зордогонго укук берет деп эсептеген голливуддук продюссер Харви Вайнштайндын ишиндегидей түрү суук форманы кабыл ала алышы мүмкүн.

Эркектердин колунда дүйнөлүк байлык менен бийлик топтолгон, бул нерсени мамлекеттердин эң бай адамдары менен жетекчилердин ар бир рейтингиндеги аялдар менен эркектердин санына карап оңой эле көрсө болот.

Жалпы адамзаттын жарымынын байлыгына караганда сегиз эркек киши көбүрөөк байлыкка ээлик кылат. Oxfamга ылайык, кедейчиликтин алдында турган адамдардын көпчүлүгү — бул аялдар.

Ушундай болуп калыптыр, тарыхый жактан аялдар — жакыр жыныс болуп жаралышкан. Бизде көбүнесе мүмкүнчүлүктөр аз, бизге аз төлөшөт, бизди жумушка алышпайт, бизге асылышат, биздин эмгекти колдонушат. Бизге бала чактан эле, аялдын жыныс мүчөсү менен төрөлгөндөн соң биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү төрөлгөнбүз, ал эми биздин башкы максат — эркетерге жагуу деп бышырышат.

«Сен — кызсың, сенин төбөң — сенин жодошуң ар бир буручтан өзүнүн ийгиликтүү экени жөнүндө айбаттуулук сезими менен кыйкырып жаткан учурда бала төрөө жана үй чарбасын жүргүзүү».

Мен «Мол Булактын» кызматкерлерин кызматтан кетүүгө же кардарларын кызматтан баш тартууга үндөгөн жокмун, анткени тилекке каршы, бул учурда алар Төлбаевден каржы жагынан көз каранды, алар бул нерсени жакшы билишет.

Бирок мен мүмкүн болушунча көбүрөөк, ар бир ыңгайлуу учурда Төлбаевге ал — аялдардан бизнес куруп жана алардын экономикалык жигердүүлүгүн өз миссиясы кылып жарыялаган (Башындагы цитатаны карагыла) ийгиликтүү ишкер — эки жүздүү экенин эскертип коюп турууга чакырам.

UPD. Мен посттун баштапкы версиясында Бабур Төлбаев мен 2011-2012-жылдары иштеген K-Newsтун колумнисти экенин жазгам. Чындыгын айтканда мен ишенбей турам жана эс тутумумда аны башка ишкерлер менен алмаштырып алышым мүмкүн, анткени колумнисттер менен мен алектенчүмүн. Менимче K-News бул бөлүмдү таптакыр эле өчүрүп салса керек. Издөө бөлүгүндө болгону менин Төлбаев менен курган маегим жана мен андан алган комментарийлер гана чыгууда.


ТЕМА БОЮНЧА: