БШК Текебаевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы соттолгондугу үчүн оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратты. Сот Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Боршайкомдогулар Өмүрбек Текебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин чыгарышты.

«Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратышты, бирок азырынча анын мандатын кимге өткөрүп беришээри белгисиз», — деп билдиришти БШКдан.

Текебаевдин ордуна Жогорку Кеңешке Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гайпкулов келиши керек.

Оппозициялык саясатчыны Бишкек шаардык соту «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тааныгандан кийин депутаттык мандаттан ажыратышты.  

Аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча арызга парламент спикери Дастан Жумабеков кол койгондон кийин ал БШКга тапшырылган.

Текебаевдин иши

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылдын 16-августунда оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевди мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп таанышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев акчаны алгандан кийин Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк ачып бермек.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту Айбек Эрнис уулу БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгына 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон. Тактап айтканда оппозиционердин абакта отуруу мөөнөтү 5,5 жылга кыскартылган.

Андан соң Текебаевдин тергөө изолятордо жарым жыл отурганы эсепке алынып дагы бир жыл мөөнөтү кыскартылган, анткени изолятордо отурган ар бир күн эки күн абакта отурганга барабар деп эсептелет. Ошентип абакта отуруу мөөнөтү 4,5 жылды түзүп калган. Саясатчынын адвокаттары өкүмдү даттанышкан, бирок Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Текебаев өз күнөөсүн четке кагып, ишти бийликтин «саясий буйругу» деп атап келет.

Текебаевди 2017-жылдын февралында Кыргызстандын бийлиги менен президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган сындарынын шартында камакка алышкан.

Саясатчы президенттин демилгелерине жигердүү каршы чыга баштап, көпчүлүгүндө ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Контитуцияга киргизиле турчу өзгөртүүлөргө каршы болушкан.


ТЕМА БОЮНЧА: