УКМК: Нью-Йорктогу террактка шектелген эч качан Кыргызстанда болгон эмес

Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети билдиргендей, Нью-Йорктогу террактка шектелген Сайфулло Саипов эч качан Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Мурдараак «Репаблик» басылмасы Саипов айрым бир учурларда Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында жашаган деп жазган.

УКМКдан билдиришкендей, 29 жаштагы Сайфулло Саипов эч качан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүп, өлкө аймагында болгон эмес.   

Ошондой эле, атайын кызматтын маалыматына ылайык, Саиповдун кыргыз жарандыгы жок.

Мурдараак «Репаблик» басылмасы Нью-Йорктогу террактка шектүү «Кыргызстандын Ошунан болуп чыкканын» билдирип, ошол эле кезде шаарды «ИГИЛдин узануучу үйү» деп атаган.

«Ош — Вологда — Нью-Йорк. Манхэттенге чабуул кылган террористтин окуясы» макаласынын автору Conflict Intelligence Teamдин эксперттерине таянып Саипов айрым бир учурларда Ошто жашаган деп билдирүүдө. Бул уюм Сириядагы жана Украинанын чыгышындагы аскерий жаңжалдарды изилдейт.

Бул уюмдун адиси Руслан Левиев Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, алар Саиповдун досторунун фэйсбуктагы айрым профилдеринде Ош шаары жашаган жери деп көрсөтүлгөнүн аныкташкандан кийин мындай чечимиге келишкен.

Ошондой эле, ошол досторунун бири «Репабликтин» журналистине Саипов айрым бир учурларда Ошто жашаганын тастыктаган.

Нью-Йорктогу терракт

Буга чейин Нью-Йоркто 31-октябрда пикаптын айдоочусу жөө жургүндөр менен велосипедчилерди сүзүп, анын натыйжасында сегиз адам каза таап, дагы 11 адам жабыркаган.

Эки тапанча менен куралданган айдоочу пикаптан чыккан учурда полиция аны жарадар кылып, колго түшүргөн. ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, кармалгандын машинасында ал «Ислам мамлекетинин» атынан чабуул кылганы жазылган барак табылган.

Жөө жүргүндөр менен велосипедчилерге болгон сүзүү терракт деп таанылган. Кармалган адам 2010-жылы грин-кард лотереясын утуп алып АКШга келген Өзбекстандын 29 жаштагы жараны Сайфулло Саипов болгону аныкталган.

ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, Саипов Uber компаниясында таксист жана оор жүк унаасынын айдоочусу болуп иштеген. Бирок Саипов адамдарды сүзүү үчүн колдонгон машинаны ижарага алган.

Нью-Йорк штатынын губернатору CNNге курган маегинде билдиргендей, Саипов «Ислам мамлекети» менен байланыштуу болгон, бирок «АКШнын ичинде радикалдашкан».  

АКШнын президенти Дональд Трамп аны «террорист» деп атап, Саиповду өлүм жазасына тартууга чакырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдиргендей, өкмөт Өзбекстандын жараны тарабынан жасалган терракт боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

«Озоди» үналгысы маалымдагандай, кол салууга шектелгендин үй бүлөсү укук коргоо органдары тарабынан суракка алынууда.


ТЕМА БОЮНЧА: