Парламент экинчи окууда Казакстандын 100 млн долларынан баш тартууну колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи окууда Казакстан тараптын 100 млн доллар жардамынан баш тартуу мыйзам долбоорун колдошту. Мындай чечим Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык араздашуунун жүрүшүнүн шартында кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-ноябрдагы жыйында Казакстан менен болгон келишимди денонсациялоо үчүн 92 депутат добуш берген.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өлкөлөр Казакстандын 100 млн доллар бөлүп берүүсү боюнча 2014-жылы эле макулдашышканын айтты. Бирок, анын айтымында, казак тарап аны бүгүнкү күнгө чейин которгон эмес.

Бул каражатка Кыргызстандын өкмөтү лаборатория курууну пландап жаткан болчу.

«Биз алардын жардамын күтпөй эле бюджеттин эсебинен лаборатория курдук, дагы да курабыз. Албетте бизге кыйын болот, бирок эгерде биз өзүбүздү сыйлабасак, бизди башка эч ким сыйлабайт, ошондуктан денонсация кылууну чечтик», — деген Зилалиев.

Кыргызстандын өкмөтү эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин жардамдан баш тартууну чечкен.


ТЕМА БОЮНЧА: