Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов билдиргендей, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Таластагы митингчилердин алдында кечирим сурабайт. Мурдараак Талас облусунун тургундары «таарынткан» сөз үчүн президенттен кечирим суроону талап кылышкан.

Алмаз Үсөнов Таластагы каршылык акцияны «Республика — Ата-Журт» фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери уюштурушкан деп эсептейт.

Үсөнов «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, президент Таластагы митингчилердин алдында кечирим сурабайт, анткени ал «туура айткан».

Алмаз Үсөнов

Президенттик аппараттын башчысынын пикиринде, таластыктар «Манас» эпосунун саптарын угудаан баш тартуу менен алар ката кетиришкенин моюндарына алышы керек.

«Президент митингдин катышуучуларынын кадамдарын сынга алып, туура айткан. Бабановчулар элди коркутууну токтотуп, cөз нугун башка жакка буруп, мындан туура жыйынтыктарды чыгарышы керек, — деди Үсөнов.

Таластагы каршылык акциясына чыккандар 3-ноябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевден алардын дарегине айтылган «орой сөздөр» үчүн кечирим суроону талап кылып, митингге чыгышкан.

Мурдараак Атамбаев 16-октябрда утулуп калган президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун колдоосуна митингге чыккан Таластын жашоочулары «Манас» эпосундагы саптарды угуудан баш тарткандары үчүн ага «уяттуу» болгонун билдирген.

Митингчилер эгер президент менен өлкөнүн бийликтегилери мындан ары дагы алардын талаптарын көңүл сыртында калтыра берсе, алар Бишкекке келип, курултай өткөрүүнү убада кылышкан.

Атамбаевдин таластыктардын дарегине айткан сыны

Өлкө башчысы 18-октябрда президенттик стипендианттардын алдында сүйлөп жатып таластыктар Бабановду колдоо митингинде Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге «Манас» эпосунун саптарын окутушпай койгонуна «капа болгонун» айткан.

«Дайыр Кенекеев Манас атанын сөздөрүн окуп берем десе жаш балдар ышкырып, бакырып, окутпай койду. Бул таластыктар үчүн абдан уят», — деп билдирген Атамбаев.

Кийинчерээк Президенттик аппаратын жетекчиси Алмаз Үсөнөв билдиргендей, 16-октябрда Таласта өткөн митингдин катышуучулары «Манастын өлөөр алдындагы сөздөрүн угуудан баш тарткандыктары үчүн кечирим сурашы керек».Үсөнов каршылык акциясына чыккандардын иш-аракеттерин «кыжырды кайнаткан факт» деп атаган.

Анын айтымында, митингде негизинен «толугу менен тартипсиз» балдар болгон.

Талас облусунун жашоочулары 3-ноябрь менен 29-октябрда президенттен кечирим суроону талап кылып митингге чыгышкан.

Мындан тышкары, 26-октябрда Таластын аксакалдары Бишкекке келишип, Атамбаевдин айткандары боюнча мааламыт жыйынын өткөрүшкөн.

«Атамбаевдин айткандары биз үчүн таарынычтуу болду. Биз дайыма патриот болуп, Кыргыздандын биримдиги үчүн чыкчубуз. Биз таластыктар, нарындыктар, оштуктар жана чүйлүктөр Манастын урпагы экенин эске салгыбыз келет», — деп билдирген аксакалдардын бири Төрөбек Кешенбаев.


ТЕМА БОЮНЧА: