«Asia's Got Talent»: Кыргыз бийчилери өнөр сынагынын жарым финалына жолдомо алышты

«Адем» бийчилер тобу Малайзияда өткөн «Asia's Got Talent» (Азияда таланттар бар) сынагынын тандоо баскычында эле калыстардын «Алтын топчусуна» татып, өнөр таймашынын жарым финалына жолдомо алды. «Клооптун» студиясына топтогу бийчилер келип, сынакка кантип катышып калганы жана кийинки баскычтарда кандай номерлерди даярдап жатканы тууралуу айтып беришти.

Ток-шоудун жүрүшүнөн кыскача интервью, толугу менен видеодон көрүүгө болот:

— Малайзиядагы сынакка кантип катышып калдыңыздар?

— Өзүбүз барабыз деп жүргөнбүз. Биринчи сезонуна жетишпей калып, экинчи сезонуна арыз таштап өтүп, катышып келдик.

— Эмне себептен сынактарга бир эле бий менен катышасыздар?

— Биз башынан баштап бийди Кыргызстанга эле эмес бүткүл дүйнөгө көргөзөлү дегенбиз. Кайсы өлкөгө барбайлы ушул бийибизге таң калат. Анткени аябай жакшы бий, конструкциясы жакшы, ар бир кыймылы көп убакытта иштелип чыгарылган. Жаңы бий финалга өткөндө болот. Андай бий эч качан боло элек, эк ким көрө элек.

— Жаңы мүчөлөрдү кантип өз тобуңуздарга аласыздар?

— Биз жардам бергенге даярбыз. Себеби, кыргызстандык бийчилердин келечеги кең. Ошондуктан бизге азырынча видео жибере алышат. Аны көбүнчө Атай Өмүрзаков өзү тандайт.

— Топтун аты эмне себептен «Адем» деп койгонсуздар?

— Башында «Адем» тобундагы төрт баланын аттарынын баш тамгаларын кошуп койгонбуз. Балдар өзгөрүлүп, аталышты да өзгөртөлү дегенбиз, бирок өзгөрткүбүз келген жок. Интернеттен караштырып көрсөк кыргыз, казак тилдеринде бул кооз, сулуу, бир гана жакшы сезимдерди алып келе турган нерсе экен.

Ток-шоуду алып баргандар Айсулуу Эркинбекова жана Найзабек Муканбетов