Бишкек: Митингчилер чек араны ачууну талап кылышты

Бишкекте Казакстандын элчилигинин алдында митинг өттү. Чогулгандар казак бийлигинен 5-ноябрга чейин чек араны ачууга чакырышты. Эгерде чек ара ачылбай турган болсо, алар Кыргызстандын бийлигинен ЕАЭБден чыгуу иш-аракеттерин баштоону талап кылышат.

Митингди Борбор Азия өлкөлөрүнүн адамдардын укугу боюнча конгресси уюштурган. Жалпысынан Казакстандын элчилигинин имаратынын алдында 40ка жакын адам чогулган.

Митингчилер Казакстандын бийлиги менен президенти Нурсултан Назарбаевге кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды чечип, 5-ноябрга чейин көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен өтүүгө мүмкүнчүлүк ачууну айтып кайрылышты.

Алар эгерде чек ара ачылбай турган болсо Кыргызстандын бийлигине ЕАЭБден чыгуу боюнча процедураларды баштоо талабы менен кайрыла тургандыктарын убада кылышты.

Чогулгандардын оюнча, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдын чыгышына президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан Өмүрбек Бабановдун Казакстанга болгон сапары себепкер болгон.

Элдер «Кыргыз менен казактар — бир тууган», «ЕАЭБден чыгуу жөнүндө ойлонуу керек», «Бардык көйгөйлөр Бабановдон башталган, кыргыз-казак чек арасы ачык болушу керек!» деп жазылган плакаттарды кармап турушкан.   

Митинг 40 мүнөткө жакын убакыттай болуп, андан соң элдер таркап кетишти.

Резолюция

Митингчилер өздөрүнүн Казакстандын бийлигинин алдындагы талаптары жазылган резолюцияны түзүшкөн.

Негизинен документте Казакстандын бийлиги өз аракеттери менен «эл аралык уюмдардын талаптарын бузушууда» деп айтылган.

«Эгерде Казакстан адам укуктары боюнча эл аралык институттардын алдында алган өз милдеттенмелерин аткарбаса, биз эл аралык уюмдардан Казакстан Республикасына карата экономикалык санкцияларды киргизүүнү талап кылууга мажбур болобуз», — деп айталат документте.

Ошондой эле, митингчилер өз резолюциясында билдиришкендей, Казакстан адамдардын «жарандардын бир жерден башка жерге болгон эркин кыймыл» укуктарын бузууда.

Алар Казакстан мисалы эл аралык ЕККУ сыяктуу уюмдардын талаптарын бузуп жаткан уюмдардан экономикалык санкцияларды талап кыла тургандыктарын айтышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: