Исаков чек арадагы жүктүү унаалардын тыгыны үчүн Казакстандын өкмөтүн сынга алды

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков КМШ өлкөлөрүнүн Ташкендеги жыйынында Казакстандын бийлигин кыргыз-казак чек арасында кыргызстандыктар үчүн «жасалма тоскоол» кылып жаткандыкка айтыптады. Анын казак кесиптеши Бакытжан Сагынтаев Исаковдун айткандарын «одонолук» деп атады.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Ташкенде өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн жыйынында Казакстандын бийлиги эркин соода жүгүртүүнүн принциптерин бузууда деп билдирди.

Исаков казак өкмөтү чек арада кезек күтүүдө беш суткадан турууга мажбур болуп жаткан кыргыз жана башка чет элдик жүк ташыгычтар үчүн «жасалма тоскоолдуктарды» жаратууда деп айтты.

Ошол эле учурда өкмөт башчы казак тарап мындай кырдаалды товарлардын аткезин кошуп, ар бир жолу түрдүү жүйөөлөр менен түшүндүрүүдө деп кошумчалады.

«Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестриндеги ишканалардан Казакстандын базарына жеткирилип жаткан Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларынын 20 пайыз жүгүн же сүт азыктарын аткез деп айтууга болобу? Мүмкүн Орусияга болгон жүктөрдүн 80 пайыз транзити дагы аткез болуп эсептелип калабы?», — деп нааразы болду Исаков.

Исаковдун айтымында, Казакстанга ташылып жаткан продукцияларга казак тараптын коюп жаткан дооматтары кол коюлган келишимдер менен макулдашууларга туура келбейт.

Мындан тышкары Исаков билдиргендей, товарларды алардын өлкөсү аркылуу алып өтүүдөгү Казакстандын 10-октябрдагы башталган аракеттери Казакстандын эл аралык милдеттенмелерин «түз бузуу» болуп эсептелет.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Исаковдун билдирүүлөрүн «одонолук» деп атады. Анын айтымында, Казакстандын позициясы ЕАЭБдин нормаларына толугу менен туура келет.  

«Кыргызстандын салык жаатындагы мыйзамдарын талапка ылайык келтирүү керек. Биз бир гана өзүбүздүн эмес ЕАЭБдин дагы кызыкчылыктарын коргоп жатабыз. Биз ветеринардык, фитосанитардык жана бажы көзөмөлү жаатында биргелешкен аракеттер менен сүйлөөшүлөргө даярбыз. Биздин максат — биримдиктин өлкөлөрүнүнүн туруктуу өнүгүшүн түзүү», — деди Сагынтаев.

Жыйынтыгында Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков «Эркин соода жүгүртүү тууралуу келишиминин ишке ашуусу боюнча» чечимине «Казакстандын эреже бузгандыгын эске алган өзгөчө пикир» менен кол койду.  

Бул келишим Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Украина жана Орусиянын ортосундагы эркин сооданын жүгүртүлүшүн камсыздоого багытталган.

Буга чейин казак тарап эгерде Кыргызстан өз бажысынын ишиндеги бардык кемчиликтерди жойбой турган болсо чек арадагы көзөмөлдү күчөтө ала тургандыгын билдирген.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда сүйлөп жатып казак бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткандан кийин оорлошуп кеткен.

Өзүнүн куттуктоо сөздөрүн айтып жаткан учурда Атамбаев казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Андан кийин 10-октябрда кыргыз-казак чек арасынан өтүү көйгөйлөрү жарала баштаган — көзөмөл өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр чогулуп, авто тыгындай пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен. Учурда эң башкы көйгөй — чек арадан жүктүү фуралардын казак чек арачылары тарабынан жай өткөрүлүүсү.

Мурдараак 30-октябрда премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасында такалып калган ишкерлер үчүн социалдык, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттөрдүн убактысын жылдыра турган токтомго кол койгон.


ТЕМА БОЮНЧА: