Талас: Элдер кайрадан президенттин кечирим сурашын талап кылышты

Таластагы митингге чыккандар кайрадан алардын дарегине «айтылган орой сөздөр» үчүн президент Алмазбек Атамбаевден кечирим суроону талап кылышты. Буга чейин Атамбаев «Манас» эпосунун саптарын угуудан баш тарткан Таластагы митингчилер үчүн «уялганын» билдирген.

Талас облусунун милициясынын маалыматтарына ылайык, облустук администрациясынын алдына 200гө жакын адам чогулган.

Митингчилер үчүнчү жолу президенттен анын таластыктар жөнүндө айткан «таарынткан» сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылышууда. Мурдараак таластык активисттер менен аксакалдар эки жолу президенттен кечирим суроону талап кылышкан.

«Биз кечирим суроону суранганбыз, бир аптадан өттү, бирок бизге эч ким жооп берген жок», — деп билдиришти митингчилер.

Мындан тышкары, каршылык акциясына чыккандар кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаалга нааразы болушууда. Алардын айтымында, чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлгөнүнөн улам Таласта күн санап азык-түлүктүн баасы өсүүдө.

«Биз Казакстан менен болгон чек арада тура берип тажадык. Ким бизге бийликтен жооп берет, качан токтойт бул нерсе? Эмне үчүн президент кетээр алдында Казакстан менен урушуп кетти? Президент деген президенттей болушу керек, жөн гана ойго келгендин бардыгын сүйлөй бербей», — деп айтышты алар.

Митингчилер эгер президент менен өлкөнүн бийликтегилери мындан ары дагы алардын талаптарын көңүл сыртында калтыра берсе, алар Бишкекке келип, курултай өткөрүүнү убада кылышты.

Биринчи эле митинг эмес

Талас облусунун тургундары ушундай эле митингге 29-октябрда чыгышып, президенттен анын таластыктар жөнүндө «таарынткан» сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылышкан.

Буга чейин 26-октябрда таластын аксакалдары Бишкекке келишип, Атамбаевдин айткандары боюнча мааламыт жыйынын өткөрүшкөн.

«Атамбаевдин айткандары биз үчүн таарынычтуу болду. Биз дайыма патриот болуп, Кыргыздандын биримдиги үчүн чыкчубуз. Биз таластыктар, нарындыктар, оштуктар жана чүйлүктөр Манастын урпагы экенин эске салгыбыз келет», — деп билдирген аксакалдардын бири Төрөбек Кешенбаев.

Атамбаевдин таластыктардын дарегине айткан сыны

Өлкө башчысы 18-октябрда президенттик стипендианттардын алдында сүйлөп жатып таластыктар Бабановду колдоо митингинде Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге «Манас» эпосунун саптарын окутушпай койгонуна «капа болгонун» айткан.

«Таластын губернатору Дайыр Кенекеев Манасты алып келип, Манас атанын сөздөрүн окуп берем десе, ышкырып, бакырып, окутпай койду жаш балдар. Бул таластыктар үчүн абдан уят», — деп билдирген Атамбаев.

Кийинчерээк Президенттик аппаратын жетекчиси Алмаз Үсөнөв билдиргендей, 16-октябрда Таласта өткөн митингдин катышуучулары «Манастын өлөөр алдындагы сөздөрүн угуудан баш тарткандыктары үчүн кечирим сурашы керек».Үсөнов каршылык акциясына чыккандардын иш-аракеттерин «кыжырды кайнаткан факт» деп атаган.


ТЕМА БОЮНЧА: