Кыргызстандын чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында тыгындар азайды

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек арасында жүктүү унаалардан турган машиналардын тыгыны эки-үч эсе азайган.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, 6-ноябрь күнү эртең менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 65 жүктүү унаа катталган.

Аталган мекемеден маалымдашкандай, акыркы суткаларда казак чек арачылары бул бекет аркылуу 200гө жакын жүктүү унааларды өткөрүшкөн.

«Бул бош жүк унааларынын кезек күтүүлөрдө көп тургандыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Бош жүктүү унаалар текшерүүгө алынбайт», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Талас облусундагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 70 жүктүү унаа кезек күтүүдө турат. ӨКМ аталган бекетте ысык тамак-аш берилген жана медициналык жардам көрсөткөн 17 чатыр уюштурган.

Буга чейин Кыргызстандын чек ара кызматы 1-ноябрда «Ак-Тилек» бекетинде 700 жүктүү унаа турганын билдирген.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айткан сын-пикирлеринен улам оорлошуп кеткен. Негизинен ал аларды өлкөнүн байлыктарын «уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин 10-октябрда казак чек арачылары жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин оорлоштурган — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр пайда болуп, авто тыгындар жарала баштаган.

Кырдаал 18-октябрда жакшырган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Бирок жүктүү унаалар азыр деле чек арадан кыйынчылыктар менен өтүшүп, ишкерлер чоң чыгымдарды тартышууда. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, ишкерлер чек арада бир сутка турушу менен 23 миң долларга чейин каражат жоготушууда.

Казак бийлиги көзөмөлдү күчөтүүнү мыйзамсыз импорт жана аткез менен күрөш деп түшүндүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: