Парламент өкмөттөн «Коопсуз шаарга» акча табууну талап кылды

Депуттар жол коопсуздугун жакшыртуу үчүн камераларды орнотууга каражат бөлүүнү сунушташты. Эл өкүлдөрү бул өлүмгө алып келген жол кырсыктарынын санын азайта алат деп эсептешет.

Жогорку Кеңештин 8-ноябрдагы жыйынында «Бир Бол» партиясынын депутаты Бакирдин Субанбеков Кыргызстанда өлүмгө алып келген жол кырсыктарынын саны өскөнүн айтты.

Депутаттын айтымында, акыркы төрт күндө республика боюнча жол кырсыктарында 20га жакын адам каза болгон. Субанбеков өкмөт тез арада «Коопсуз шаар» долбоорун киргизиши керек деп эсептейт.

«Жол кырсыгынын үч гана себеби бар: жолдордун нормаларга туура келбеши, жолдордогу көзөмөлдүн жоктугу жана айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыгы», — деп билдирди депутат.

КСДПнын депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, өлкөнүн бюджетинде «Коопсуз шаар» долбоорун толук кандуу ишке киргизүү үчүн жана негизинен видео байкоо камераларын орнотууга каражат каралган эмес

«Бизге 2018-жылдын бюджети келген жана ал жакта камераларды орнотууга каражат каралган эмес», — деди Бекешев.

Анын айтымында, өкмөт бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүн кайра карап чыгышы керек.

«Көңүл ачуу иш-чараларына 150 млн сом, капиталдык салымдарга 2,9 млрд сом кетет. Эгерде бул каражаттарды кандайдыр бир кыскартса, камераларды орнотууга акча тапса болот», — деди Бекешев.

Депуттар бул маселе менен алектенүүнү Бюджет жана укук тартиби боюнча комитетке тапшырды.

Чуу жараткан жол кырсыктары

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровжун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Акыркы күндөрдө өлкө боюнча бир нече жол кырсыгы катталып, андан 20дай адам көз жумган.

Бишкекте 5-ноябрда «Азия Молл» соода борборунун жанында үч автоунаа сүзүшүп, анын натйжасында беш адам каза болуп, дагы үчөө ооруканага жаткырылган.

Бишкек-Ош жолунда 6-ноябрда газ ташыган унаа менен жеңил машина сүзүшкөн. Жол кырсыгынан улам эки өспүрүм менен бирге 10 адам каза болгон.

«Коопсуз шаар» долбоору

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча эреже бузууларды аныктаган камераларды орнотууну убада кылып келет.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат. Долбоор 60 млн долларга бааланган.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын июлунда «Коопсуз шаар» долбоорун «Мегаком» байланыш операторун сатуудан түшкөн каражатка ишке ашырууну чечкен. Азырынча «Мегаком» сатыла элек.


ТЕМА БОЮНЧА: