Кыргызстандын чек ара кызматы: «Ак-Тилек» бекетинде болгону 45 жүктүү унаа калды

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 45 жүктүү унаа турат. Кыргызстан менен Казакстандын бийликтегилеринин ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин казак чек арачылары көзөмөлдү күчөтүшүп, көзөмөл бекеттеринде 500гө жакын жүктүү унаалар чогулуп калган.

Кыргызстандын чек ара кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, 8-ноябрь күнү эртең менен «Ак-Тилек» бекетинде 45 жүктүү унаа катталган.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, казак чек арачылары бош жана транзиттик жүктүү унааларды текшерүүсүз өткөрө башташкан.

«Казак тарап бир саат аралыгында 7 машинага чейин өткөрүп жатат. Бош жана транзиттик жүктүү унаалар өтүп кетишти, ошондуктан тыгындар дээрлик азайды», — деп билдиришти аталган мекеменин басма сөз кызматынан.

Талас облусунун «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 90го жакын жүктүү унаа менен жеңил машина турат.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, калган көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр жок.

Буга чейин Кыргызстандын чек ара кызматы 1-ноябрда «Ак-Тилек» бекетинде 700 жүктүү унаа турганын билдирген.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айткан сын-пикирлеринен улам оорлошуп кеткен. Негизинен ал аларды өлкөнүн байлыктарын «уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин 10-октябрда казак чек арачылары жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин оорлоштурган — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр пайда болуп, авто тыгындар жарала баштаган.

Кырдаал 18-октябрда жакшырган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Бирок жүктүү унаалар азыр деле чек арадан кыйынчылыктар менен өтүшүп, ишкерлер чоң чыгымдарды тартышууда. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, ишкерлер чек арада бир сутка турушу менен 23 миң долларга чейин каражат жоготушууда.

Казак бийлиги көзөмөлдү күчөтүүнү мыйзамсыз импорт жана аткез менен күрөш деп түшүндүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: