Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков орусиялык «РИА Новости» басылмасына президенттик шайлоодон кийинки өзүнүн биринчи маегин курду. Жээнбеков Кыргызстандын президенттик шайлоосун «ачык өттү» деп атады. Ал кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр жакында чечилээрин билдирип, ошондой эле орус тилинин макамын сактоону убада кылды.

Президенттик шайлоо жөнүндө   

Жээнбековдун оюнча, Кыргызстанда «акыйкат жана ачык» шайлоону камсыздаш үчүн «чоң» жумуш аткарылды. Анын пикиринде, добуш берүүнүн электрондук тутуму «ыргытуулар менен каруселдерди» болтурбоого мүмкүндүк берген.

Ал өткөн президенттик шайлоону 2009-жылдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы «алдын ала чечилген» шайлоо менен салыштыр . Жээнбеков өткөн шайлоодо «бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлгөн» деп эсептейт.

«Эч бир талапкер шайлоонун жыйынтыгы кандай болоорун алдын ала айта алган жок. Ар бирибиз элдин гана тандоосуна үмүт арттык», — деди Жээнбеков.

Жээнбековдун айтымында, аны добуштарды сатып алуу фактысы капа кылган, бирок «Кыргызстандын эли кайрадан өз саясий жетилгендигин көрсөттү».

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо. Сүрөт: Даниль Усманов.

«Жаш өкмөт» менен иштөө

1-декабрда президенттин ыйгарым укуктары боюнча Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киришине карабастан, Жээнбеков өлкө башчысынан тышкары эч ким бийлик бутактарынын аракеттерин координация кыла албайт деп эсептейт.

«Конституциядагы өзгөртүүлөр өлкөдө күчтүү президент, күчтүү парламент, туруктуураак өкмөт, мурдакыга караганда көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот системасы болуусуна багытталган», — деди ал.

Жээнбеков билдиргендей, жаңы өкмөттө олуттуу реформаларды көздөгөн «жаш кесипкөйлөр» көп. Бирок, анын пикиринде, «жаш» өкмөт президенттин күчтүү колдоосуна муктаж болууда.  

«Эгерде президент реформалардын кепилдиги деп эсептелсе, премьер алардын кыймылдаткыч күчү, мотору болушу керек», — деп билдирди Жээнбеков.

Жээнбеков жаштардын «Мен Кыргызстанга инвестиция кылам» форумунда. Сурөт: K-News.

Кыргызстандын Казакстан жана Орусия менен мамилеси

Шайланган президенттин айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын бийлигинин ортосундагы көйгөйлөр жакын арада чечилет.

«Учурдагы көйгөйлөр убактылуу мүнөзгө ээ, мындан тышкары тараптар аларды жөнгө салуу боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жакын арада бардык болгон маселелер чечилет деп ишенем», — деди ал.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине карата айткан сын пикирлеринен кийин Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөткөн, ошол себептүү узак кезек күтүүлөр жаралып, авто тыгындары жарала баштаган.

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. Сүрөт: Казакстандын президентинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, Жээнбеков Орусия Кыргызстандын «негизги стратегиялык өнөктөшү» катары калаарын билдирди. Ал президенттик кызматта мындан ары дагы кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөнү улантаарын кошумчалады.

«Жалпысынан бизге мындан ары дагы саясий диалогду, коопсуздук багындагы кызматташтыкты өөрчүтүп, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара кызматташтыкты жандандырып, ошондой эле, маданий-гуманитардык кызматташтыкка көмөктөшүшүбүз зарыл», — деди ал.  

Анын айтымында, орус тилинин Кыргызстанда расмий макамы сакталат, анткени бул «достуктун жана БУУнун тилдеринин бири».

«Мен үчүн жана башка көптөгөн кыргызстандыктар үчүн дагы орус тили билимдин, адабият менен искусствонун жана илимдин чоң дүйнөсүнө терезе болуп калган», — деди Жээнбеков.

Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: Sputnik / Алексей Никольский.

Кыргызстандын КМШ менен ЕАЭБдеги келечеги жөнүндө

Жээнбековдун айтымында, КМШ — бул постсоветтик чөлкөмдөгү «негизги диалог аянтасы», бирок уюмдун ишин «замандын талабына шайкештештирүү» керек.  

Жаңы шайланган президенттин пикиринде, Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү үчүн ЕАЭБге кошулган. Ал бул уюмдун келечеги чоң деп эсептейт, бирок «мүчө мамлекеттердин экономикаларынын ар кандай деңгээли, ошондой эле, ички атандаштык биримдиктин ишмердигине өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизүүдө».

«Бардык расмий жетишилген сүйлөшүүлөр, кол коюлган келишимдер толук түрдө иштеши керек. Ушундай гана шарттарда ЕАЭБ биргелешкен максаттарга жетет», — деди Жээнбеков.

Жээнбеков Белорусиядагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында. Сүрөт: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын сайты.

Тышкы саясат жөнүндө

Жээнбеков БУУ менен эл аралык уюмдар «Кыргызстанды Евразия чөлкөмүндөгү күчтүү жарандык коому бар эң эле эркин жана туруктуу мамлекеттердин бири катары таанышат» деди.

Мындан тышкары, ал өкмөт «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Анын пикиринде, долбоор өлкөгө «санарип экономиканы түзүүдө аймактык жол башчы» болууга мүмкүндүк берет.  

Жээнбеков Кыргызстан Азияны Европа менен байланыштырууда ыңгайлуу географиялык абалды ээлеп турат деп эсептейт.

«Жибек жолун жандандыруу, жаңы экономикалык багыт менен транспорттук коридорлорду түзүү шартында Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык абалы өлкөнүн кайрадан Азия менен Европанын ортосунда байланыштыруу бутагы болуп калуусүна мүмкүндүк берет деп ойлом», — деди Жээнбеков.

Шайланган президент Кыргызстан эл аралык терроризм, экстремизм жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөөшүү маселелерине жигердүү катышууну улантаарын кошумчалады. Мындан тышкары, бийликтегилер экологиялык жана диний көйгөйлөрдү жигердүү чечишмекчи.

Жээнбеков «Таза Коомдун» конференциясында. Сүрөт: «Азаттык».

Өзүнүн үй-бүлөсү менен кызыгуулары жөнүндө

Жээнбеков колуктусу үй-чарбасы менен алектенип, айыл чарба багытында чакан үй-бүлөлүк ишкерлик жүргүзөөрүн айтып берди. Анын кызы жана уулу бар. Кызы жакында эле көз жарып, атасын неберелүү кылса, кенже уулу 3-класста окуйт.

«Бош убактымда китеп окуу менен алектенем, узакка созулган жөө сейилдөөнү жакшы көрөм. Жаш кезимде волейболго кызыкчумун, кээде бош убакыт болгондо сүйүнүү менен бул оюнду ойноп коём», — деди Жээнбеков.

Жээнбековдун президент болуп шайланышы

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда болуп өттү. Жарышта бийликчил социал-демократтар партиясынын (КСДП) талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга озуп чыкты.

Кол санактын жыйынтыгына ылайык, ал шайлоочулардын 54,74% добушун алган. Анын башкы атаандашы, ишкер Өмүрбек Бабанов добуштардын 33,49 пайызын алып, экинчи орунду ээлеген.  

Шайлоодон төрт апта өткөн соң башкы прокуратура «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.

Шайлодон кийин эл аралык байкоочулар билдиришкендей, шайлоодо административдик ресурс, коркутуп-үркүтүүлөр жана добуштарды сатып алуу колдонулган.


ТЕМА БОЮНЧА: