Актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы 9-ноябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрынын чыгыш тарабында болду.

Кыргызстандын борборунда 9-ноябрда салтанаттуу түрдө актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы болду. Эстелик Чүй проспектисиндеги «Ала-Тоо» кинотеатрынын чыгыш тарабында орнотулуп, анын ачылышына премьер-министр Сапар Исаков катышты.

Сүймөнкул Чокморов кино тармагына сүрөт тартуу искусствосунан келген. Анын алгачкы бет ачар киносу — Болот Шамшиевдин 1969-жылдагы «Караш ашуусундагы атышуу» тасмасы. Чокморовдун кино куржунунда 20га жакын тасма бар.

Сүрөт: Табылды Кадырбеков / Sputnik

Чокморов — мурдагы СССРде өзүнүн кесиптештеринин арасында — 1969, 1972, 1974 жана 1978-жылдары мыкты роль жараткандыгы үчүн Кинематографисттер союзунун дипломуна төрт жолу татыган актёр.

Жада калса мындай ийгилик Чокморовду сүрөт тартуу искусствосун таштаганга түрткү болгон эмес. Жалпысынан анын кыл калемине 800гө жакын сүрөт таандык. Анын сүрөттөрүн режиссер Акира Куросава, актёр Тосиро Мифуне, Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин жана Олимпиада комитетинин мырдагы башчысы Хуан Антонио Самаранч сыяктуу атактуу адамдар өздөрүндө сакташкан.

Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Кыргызстанда 2006-жылы анын урматына почта маркасы чыгарылган, ал эми 2009-жылдан баштап анын сүрөтү 5000 миң сомдук купюрага түшүрүлгөн. Ошондой эле, Бишкектеги көчөлөрдүн бирине Чокморовдун ысымы ыйгарылган.