Бишкек: Лифти бар алгачкы жер үстүндөгү өтмөктүн курулушу аяктады

Бишкек мэриясы Курманжан Датка көчөсүндөгү алгачкы жер үстүндөгү өтмөктү ачты. Өтмөк төрт ай аралыгында курулуп, ага 17,5 млн сом сарпталган.

Шаардын мэри Албек Ибраимов 9-ноябрда «Аламүдүн» базарынын аймагындагы Курманжан Датка көчөсүндө лифти бар жер үстүндөгү өтмөктү ачты.

Ибраимовдун айтымында, өтмөк тургундарга «ыңгайлуулукту камсыздоо» үчүн курулган.

«Бул технологиялык курулуш жарандардын жана көчөдө коопсуз кыймылды камсыздоого багытталган, анткени бул жерде адамдар абдан көп чогулат», — деди ал.

Өтмөктүн узундугу 33 метрди, туурасы — 3, бийиктиги 5 метрди түзөт, ошондой эле ал эки лифт менен жабдылган.

Жер үстүндөгү өтмөктү курууга 17,5 млн сом бөлүнгөн. Аны толугу менен бүтүрүүгө төрт ай убакыт кеткен.

Мэрия борбордун тыгындары көп кесилиштеринде жайгаша турган дагы үч жер үстүндөгү өтмөктү курууну пландап жатат:

  • Шабдан Баатыр (мурдагы Алма-Ата) — Мамбетов көчөсү («Мадина» соода борбору);
  • Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши («ЦУМ» соода борбору);
  • Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши («Ош базары»).

Сүрөт: АКИpress


ТЕМА БОЮНЧА: