Кыргызстандын ТИМи: Ренат Самудинов АКШдан саясий башпаанек сураган

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, КСДПнын жаштар канатынын мурдагы башчысы Ренат Самудинов менен анын колуктусу Элнура Молдокадырова АКШдан саясий башпаанек сурашкан. АКШ өлкөсүнүн бийлиги алардын «өлкөгө кирүү үчүн уруксат документи жокутугунан» улам чек арадан кармашкан.

Кыргызстандын ТИМнин басма сөз кызматы буга чейин ЖМКларда пайда болгон КСДПнын жаштар канатынын мурдагы башчысы Ренат Самудинов менен анын колуктусу журналист жана КТРКнын мурдагы алып баруучусу Элнура Молдокадырова Америка менен Мексиканын чек арасында кармалышканы боюнча маалыматты тастыктады.

АКШнын чек ара кызматынан Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин өкүлдөрүнө билдиришкендей, Самудинов менен Молдокадырованын кармалышына «алардын өлкөгө кирүүгө уруксат документтеринин жоктугу» себеп болгон.

Чек ара кызматынан жубайлар өздөрүнө саясий башпаанек берүү үчүн документтерди тапшырышканын кошумчалашты. Учурда бул сураныч АКШнын иммиграциялык сотунда каралып жатат.

ТИМ билдиргендей, Самудинов дагы, Молдокадырова дагы Кыргызстандын элчилигине кайсыл бир талаптар менен же атайын кармоочу жайдагы шарттарга арызданып кайрылышкан эмес.

Ренат Самудинов бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынын жаштар канатынын башчысы болчу.

Бирок анын президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгаруу үчүн праймериз (ички партиялык шайлоо — ред.) өткөрүү сунушунан кийин Самудиновду алгач жаштар канатынын жетекчилик кызматынан алышып, андан соң КСДПдан чыгарышкан.

Самудиновду чыгаруунун демилгечиси КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарияд Ниязов болгон. Самудинов өзүнүн партиядан чыгарылышына анын бирдиктүү талапкерди чыгаруу процессине болгон сын пикири себеп болгонун айткан. Анда партиядан шайлоого Сооронбай Жээнбековду чыгарышкан.

КТРКда өзүнүн жеке программасын алып барган Элнура Молдокадырова анын жолдошунун КСДП менен болгон араздашуусу башталгандан кийин телеканалдан кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: