Парламент биротоло Казакстандын 100 млн доллар жардамынан баш тартууну колдоду

Депутаттар үчүнчү окууда Казакстандын 100 млн доллар техникалык жардамы боюнча келишимди денонсациялоо мыйзам долбоорун колдошту. Эми мыйзам долбооруна президент кол коюшу керек. Бул чечим эки өлкөнүн бийлигинин ортосундагы дипломатиялык араздашуулардын шартында кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутттары үчүнчү окууда Казакстандын 100 млн доллар техникалык жардамынан баш тартуу боюнча мыйзамды кабыл алышты.

Денонсация боюнча мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн ага президент кол коюшу керек.

Кыргызстан менен Казакстан 100 млн доллар бөлүп берүү боюнча 2014-жылы эле келишишкен. Бирок казак тарап бул каражатты Кыргызстанга бүгүнкү күнгө чейин которуп берген эмес.

Бул каражатка Кыргызстандын өкмөтү лаборатория курууну пландап жаткан болчу.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, Кыргызстандын өкмөтү бардык керектүү лабораторияларды өз акчасына эле куруп алган.

«Биз алардын жардамын күтпөй эле бюджеттин эсебинен лаборатория курдук, дагы да курабыз. Албетте бизге кыйын болот, бирок эгерде биз өзүбүздү сыйлабасак, бизди башка эч ким сыйлабайт, ошондуктан денонсация кылууну чечтик», — деди Зилалиев.

Мурдараак 100 млн доллардан баш тартууну президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоп, 15-октябрда Кыргызстан Казакстандын жардамына «муктаж эмес» деп билдирген.

«Азыр мени казактар бизге 100 млн доллар берип жатканына жемелешүүдө […]. Бул техникалык жардам деп аталат. Биз аларга көйгөйлөрүбүз менен баргыча алар үч жыл күтүштү. Чындыгын айтканда, бизге мындай жардамдын кереги жок», — деп билдирген президент.

Кыргызстандын өкмөтү документти парламентке 20-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы абал оорлошуп кеткенден кийин жөнөткөн.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жардам бөлүп берүү келишимине 2017-жылдын 5 июлунда кол койгон. Келишимге ылайык, биринчи транш 41 млн доллар Кыргызстанга ноябрда эле келиши керек болчу.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айткан сын-пикирлеринен улам оорлошуп кеткен. Негизинен ал аларды өлкөнүн байлыктарын «уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин 10-октябрда казак чек арачылары жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин оорлоштурган — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр пайда болуп, авто тыгындар жарала баштаган.

Кырдаал 18-октябрда жакшырган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Кыргызстандын чек ара кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, 8-ноябрь күнү эртең менен «Ак-Тилек» бекетинде 45 жүктүү унаа катталган. Казак чек арачылары бош жана транзиттик жүктүү унааларды текшерүүсүз өткөрө башташкан. Калган көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр байкалган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: