Өнөр жай мамкомитети: Кыргызстанда күйүүчү майлардын камы жетиштүү

Мамлекеттик өнөр жай комитетинен өлкөдө күйүүчү майдын камы «бир нече айларга жетет» деп айтышты. Парламенттин депутаты Исхак Пирматов билдиргендей, Орусиядан май ташуулар токтоп калгандыгына байланыштуу Кыргызстанда күйүүчү майлардын камы эки аптага гана жетет.

Маалымат саат 19:07де жаңыртылды

Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитети билдиргендей, учурдагы өлкөдөгү күйүүчү майлардын камы «бир нече айларга жетет».

«Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика мамлкекеттик комитети Орусиядан күйүүчү майларды үзгүлтүксүз ташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө», — деп айтылган маалыматта.

«Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты Исхак Пирматов 9-ноябрда парламенттин жыйынында билдиргендей, индикативдик баланс чегинен ашып кеткендиги үчүн Кыргызстанга бажы төлөмүсүз ташылып жаткан күйүүчү-майлоочу майларды ташуу токтоп калган. Анын айтымында, күйүүчү май өлкөгө 19-октябрдан бери кирбей калган.

Депутат билдиргендей, өлкөдө күйүүчү майлардын камы дагы эки аптага жетет, тагыраак айтканда 23-ноябрга чейин.

«Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен өкмөт эч кандай маалымат бербестен, эч нерсе болбогондой иштөөнү улантып жатышат. Анда калкка ачык айтыш керек мынчасынан баштап күйүүчү майга болгон баа кымбаттайт деп», — деди ал.

Анын айтымында, эгерде жакын арада Кыргызстан күйүүчү майларды бажы салыгын төлөө менен сатып ала баштаса, күйүүчү майга болгон баа 2,5 сомго кымбаттайт.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан «Клооптун» кабарчысына бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартышты.

Орусия 2016-жылдын аягында күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга болгон бажы төлөмдөрүн жокко чыгарган, алардын катарында бензин, солярка, чийки мунай жана майлоочу материалдар бар.

Кыргызстан жылына 1 млн тонна күйүүчү май колдонот.


ТЕМА БОЮНЧА: