Куудул Михаил Задорнов каза болду

Куудул жана жазуучу Михил Задорнов 69 жаш курагында каза болду. Куудулдун өлүмүн теле алып баруучу Регина Дубовицкая тастыктаган.

Задорновдун өлүмү боюнча маалыматты артист кызматташкан РЕН ТВ телеканалы билдирген. Кийинчерээк маалыматты теле алып баруучу Регина Дубовицкая тастыктаган.

«Ооба, чндыгында эле Михаил Николаевич каза болду. Башка эч нерсе айта албайм, маалымат күтүүсүз болду», — деди Дубовицкая.

Артист 2016-жылы жазында оорусунун өөрчүп кетишинен улам өзүнүн бардык пландалган иш-чараларын токтотуп койгон. Ошол эле жылы октябрда куудул андан баш мээсинде рак илдети бар экени аныкталганын билдирген.

Артисттин турмуш жолу

Михаил Задорнов 1948-жылы 21-июлда Юрмалада жарык дүйнөгө келген. Ал 1970-жылдары студенттик театрда сахнага чыга баштаган.

Кийинчерээк ал кесиптештери менен артисттерге монологдорду жаза баштап, андан соң өз алдынча чыга баштап, атактуулукка жеткен. Ал «Жаштык» журналында мыскыл жана тамаша блогун жетектеген.

Өз жашоосунда ал лирикалык жана мыскыл тамаша жанрында ондон ашык аңгемелер китептерин жазган.

Задорнов өзүнүн монологдорунда дайыма чыгыш маданияты менен алардын жашоосун сынга алчу.

Мындан тышкары, ал орус сөздөрүнүн этимологиясын жана славянчылыктын тарыхын изилдөө менен алектенген, бирок илимий коомдоштук анын иштерин сындап турчу.