Премьер-министр патрулдук милициянын ордуна жаңы башкармалыкты түзүүнү сунуш кылды

Премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн жолдорундагы коопсуздук боюнча кеңешмеде Патрулдук милиция башкы башкармалыгын (ПМББ) жоюуну тапшырды. Ошондой эле, Исаков айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн бирдиктүү борбор түзүүнү сунуштап, өлкөдөгү бардык авто мектептерди текшерүүгө үч апта убакыт берди.

Исаков 10-ноябрда жолдордогу жол кырсыктарынын кырдаалына арналган өкмөттүн чукул кеңешмесинде ПМББны жоюуну жар салды.

Премьер-министр билдиргендей, ПМББнын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык (ЖКККББ) келет.

Премьер-министрдин айтымында, жаңы мекемеде кызматкерлердин саны көбөйтүлөт, бирок «сырдуулукка» таянып, кененирээк маалыматтарды ачыктаган жок.

Өкмөт башчысы ИИМге жаңы органдын өздүк курамын түзүү боюнча маселени жеке көзөмөлгө алууну жана жумушка конкурстук негизде «чынчыл кызматкерлерди» алууну тапшырды.

«Мындан тышкары, карамагына берилген участоктор үчүн жеке жоопкерчиликти эске алуу керек», — деди ал.

Ошондой эле, Исаков айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн бирдиктүү борборду түзүүнү сунуштады. Ал бул нерсе документ алууда коррупцияны жокко чыгарат жеп эсептейт.

«Адам алдын ала билип албашы үчүн тесттерде суроолордун 100, 200 же 300 варианты болушу керек, ал билиши керек: ар кандай суроо туш келип калышы мүмкүн экенин билип, даярданышы керек. Бул нерсени абдан тез жасоо керек», — деди Исаков.

Мындан тышкары, премьер-министр үч аптанын ичинде өлкөдөгү бардык авто мектептерди текшерүүнү буйруду.

«Автодром жана башка талаптарды эске алуу менен берилген бардык лицензияларды анализ жүргүзүү керек. Келгиле, чыныгы кырдаалды карап көрөлү. Менде айрым авто мектептер стандарттарга туура келбейт деген элес-булас күмөн саноолор бар», — деп билдирди Исаков.

Жол милициясын реформалоо

Бул бийликтин көз карандысыздыкка ээ болгондон бери жол милициясын реформалаган төртүнчү учур.

Биринчи реформа 2008-жылы болгон, анда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Мамавтоинспекциянын (МАИ) аталышын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгына өзгөртүшкөн.

2011-жылы ЖККББ менен патрулдук кызматтын биригишинен кийин Жол кайгуул кызматы (ЖКК) пайда болгон.

ЖККнын аталышын 2014-2015-жылдар аралыгында кайрадан МАИге өзгөртүүнү аракет кылышкан, бирок аталышын өзгөртүү болгон эмес.

Ал эми 2016-жылы Патрулдук-пост кызматы (ППК) менен ЖКК бирдиктүү мекемеге айланып, Патрулдук милиция башкы башкармалыгы түзүлгөн.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдородогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ жолу жогоркуд деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону премьер-министр Сапар Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бирок учурда бийлик ишке ашырган жалгыз иш-чара — бул мектеп жана бала бакчалардын жанында жаткан полицияларды орнотуу болгон.

Авторлошу: Рустам Халимов

Иллюстративдик сүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: