ДСУ Кыргызстандын чек арадагы кырдаал боюнча Казакстанга карата берген арызын карады

Кыргызстандын делегациясы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна маалымат берди. Кыргыз тараптын айтымында, чек арада жүк ташуучуларга карата «жасалма тоскоолудуктар» жаратылып, ДСУнун негизги принциптери «бузулууда».

Кыргызстандын суранычы боюнча Казакстан менен болгон чек ара маселеси өзүнчө пункт менен күн тартибине киргизилди.

Кыргыз делегациясы жыйында билдиргендей, казак бийлиги жүк ташуучуларга карата «жасалма тоскоолдуктарды» жаратып, ДСУнун негизги принцептирин «бузушууда».

Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдиргендей, жүктүү унаалардын чек арада туруп калышынан улам Кыргызстан 200 млн доллар жоготкон.

«Коңшу өлкөнүн Кыргызстандан чыгып жана Кыргызстанга кирип жаткан жүктөргө карата мындай максаттуу жасалып жаткан аракеттери өзгөчө белгиленген», — деп айтылат кыргыз өкмөтүнүн маалыматында.

Казак тарап текшерүүлөр менен көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө «аткезчилик жана аткез товарлар менен күрөш» себеп болгон деп жооп берген. Кыргызстан ДСУга мүчө өлкөлөрдөн кырдаалга калыс баа берүүнү суранды.

Молдова, Жапония жана Түштүк Корея кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды тезирээк жөнгө салууга чакырышты.

Кыргызстан ДСУга даттануу менен 17-октябрда кайрылган. Ошондой эле, бийлик Евразия экономикалык комиссиясына дагы Казакстанга карата арыз жөнөткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: