Депутат Улан Чолпонбаев каза болду

Узакка созулган оорудан улам «Республика – Ата Журт» партиясынын депутаты Улан Чолпонбаев каза болду. Ал 40 жашта болчу.

«Республика – Ата-Журт» фракциясынан саясатчынын каза болгонун тастыкташты.

«Тилекке каршы бул чын. Биз өзүбүз дагы бул нерсенин бардыгы ушунчалык олуттуу экенин күткөн эмеспиз. Ооба ал көп убакыт ооруду, боорунда көйгөй бар эле. Акыркы убакыттарда ал ооруканада болчу», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысына саясатчынын кеңешчиси Асел Жалпак кызы.

Саясатчынын өлүмү боюнча биринчилерден болуп активист Эдил Байсалов өз твиттер аккаунтунда билдирген.

«Республика – Ата-Журт» фракциясынан саясатчынын каза болгонун тастыкташты.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чолпонбаев узакка созулган кара сарык дартынан улам каза болгон.

Улан Чолпонбаев парламенттин бешинчи жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты болгон. Ал үй-бүлөлүү жана эки кичинекей кыздын атасы болчу.