Кыргызстандын футбол боюнча курамасы өзүнүн тобундагы аутсайдерге каршы оңой эмес матчта Макаонун командасын жеңди. Бул кыргыз курамасын футбол боюнча Азия кубогуна жакындатат, бирок кураманы 2-орун үчүн алдыдагы мянмалыктар менен таймаш күтүп турат.

Александр Крестининдин кол алдындагылар Макаого каршы болгон кызуу беттеште көптөн күтүлгөн үч упайды топтошту. Матчтын жүрүшүндө коноктор эсепти 4:2 менен жүргүзүштү, бирок дарбазага эки топ өткөрүшүп, алдыга оозануусун кармай алышкан жок.

Макао 3 — Кыргызстан 4

25’ Антон Землянухин (пенальти)
36’ Виталий Люкс
52’ Антон Землянухин
73’ Лэй Чи Кин
80’ 87’ Лэй Ка Хин
84’ Мирлан Мурзаев

Кыргызстандын футболчулары биринчи таймды көптөгөн чабуулдар менен абдан жандуу башташты. Оюнчулардын аракеттери таймдын ортосунда өз жемишин берди.

Кыргызстандыктардын жигердүү аракеттери Макаону абдан орой коргонууга өтүүгө мажбур кылды. Атаандаштар дарбазадагы эпизоддордун биринде эреже бузушуп, судья пенальти жарыялады.

Антон Землянухин матчтын 25-мүнөтүндө — 0:1 менен эсепти ачты.

Кийинки топ өзүн көпкө күттүрдү. Он мүнөттөн кийин кезектеги чабуул учурунда каршылаштардын дарбазасына жакынкы аралыктан Виталий Люкс — 0:2 эсеп менен топ киргизип, кыргызстандыктар эсепти көбөйтө алышты.

Биринчи таймдын аягына чейин топ дарбазага киргизилген жок.

Кыргыз футболчулары 52-мүнөттө топтордун айрымачылыгын үчкө чейин жеткире алышты. Антон Землянухин атаандашынын дарбазасына 11 метрлик аралыктан сокку кылып, эсеп 0:3 болуп калды.

Мындай эсеп матчтын 73-мүнөтүнө чейин кармалып турду. Макаонун футболчулары жолугушуунун экинчи жарымында жигердүү сокку кылууга өтүштү. Кыргызстандыктар коргонуп жатышып эреже бузуп алышты.

Судья дарбазадан 25 метр алыстыктан штрафтык сокку дайындап, аны Лэй Чи Кин ийгиликтүү ишке ашыра алды, натыйжада эсеп 1:3 болуп калды.

Оюнду кызуу өткөрүүгө белсенген аянттын кожоюндары кысымга алууну улантышып, бул жолу дагы пенальти өткөрүүгө кабылып калышты. Оюндун 80-мүнөтүндө 11 метрлик аралыктан топту Лэй Ка Хин киргизип, эсеп 2:3 болду.

Төрт мунөттөн кийин алмашууга чыккан Кыргызстандын курамасынын жарым коргоочусу Мирлан Мурзаев артыкчылыгын көргөзүп, эсепти 2:4 кыла алды.

2:4 эсебинде Кыргызстан турнирдик жадыбалда өз көрсөткүчтөрүн жакшырта алмак, бирок оюнчулар бул эсепти кармай алышкан жок.

Жолугушуунун 87-мүнөтүндө Макао курамасынын чабуулчусу Лэй Ка Хин кайрадан гол кайталады.

Эсеп 3:4 болуп, Кыргызстан конокто үч упай топтоду.

Оюн көргөзүү күнүнүн экинчи матчы Индия менен Мьянманын ортосунда саат 20:30да (Бишкек убактысы боюнча) башталат. Анын жыйынтыгынан Кыргызстандын турнирдик жадыбалдагы абалы көз каранды. Учурдагы көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

Индия — 12 упай, 4 оюн
Кыргызстан — 7 упай, 4 оюн
Мьянма — 4 упай, 3 оюн
Макао — 0 упай, 5 оюн.


ТЕМА БОЮНЧА: