«Санжыра» радиосу обого чыкпай калды

Мамлекеттик байланыш агенттиги «Санжыра» радиосунун лицензиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу алардын обого чыгышын токтотту. «Санжыра» радиосу мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен байланыштуу НТС телекомпаниясынын курамына кирет.

Мамлекеттик байланыш агентигинен «Азаттык» үналыгысына билдиришкендей, «Санжыра» лицензиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өзүнүн обого чыгышын токтоткон.

«Лицензияны узартуу боюнча эч кандай кайрылуу болгон эмес. Ошондуктан агенттиктин буйругу менен 1-ноябрдан тартып "Санжыранын" берүүлөрү токтотулду», — деп билдиришкен Мамлекеттик байланыш агенттигинен.

Радиостанция курамына кирген НТС телекомпаниясынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, радио өз берүүлөрүн «техникалык себептерден улам» токтоткон.  

Бирок телекомпаниядан башка комментарий берүүдөн баш тартышты.

НТС телекомпаниясы депутат жана шайлоодон утуп чыккан бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановго байланыштуу.

Башкы прокуратура Бабановго каршы «Амир-Тимур» (мурдагы Он Адыр) кичи районунда үгүт кампаниясынын учурунда «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн кылмыш ишин козгогон.

Шайлоодон кийин Бабанов дарылануу үчүн Москвага кеткен. Ал Кыргызстанга келгенби-жокпу азырынча белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: