Сооронбай Жээнбековдун агасы элчилик кызматка көрсөтүлдү

Жусупбек Шарипов. Сүрөт: vb.kg

Президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун агасы Кыргызстандын Украинадагы элчилик кызматына көрсөтүлдү. Жусупбек Шарипов 2007-жылдан бери жети өлкөдө Кыргызстандын элчиси болуп иштеген.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет Жусупбек Шариповдун талапкерлигин Украинадагы элчилик кызматка жактырды. Шариповду бул кызматка Тышкы иштер министрлиги көрсөткөн.

Эми Шариповдун талапкерлигин парламент үч окууда жана президент жактырышы зарыл.

Жусупбек Шарипов — жаңы эле президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун агасы. 2007-жылдан бери ал Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы, Кувейттеги, Египеттеги, Катардагы, Мароккодогу, Иорданиядагы жана Бахрейндеги элчилик кызматтарды ээлеген. Ошондой эле Шарипов Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын губернатору болуп дагы иштеген.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоодогу жеңиши

Сооронбай Жээнбеков 15-октярда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Ага шайлоочулардын 54 пайыздан ашыгы добуштарын беришкен.

Жээнбековдун инаугурация салтанаты 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Анын негизги атаандашы — ишкер жана депутат Өмүрбек Бабанов — шайлоочулардын 33 пайыз добушун алып, 2-орунду ээлеген.

Башкы прокуратура 4-ноябрда Бабановго каршы «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн кылмыш ишин козгогон. Ал бул айыптоону «саясий мүнөздүү» деп атаган.

ЕККУ менен эл аралык байкоочулар белгилешкендей, шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулуп, добуштарды сатып алуу менен шайлоочуларга кысым көрсөтүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: