Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Сүрөт: K-news

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигинин демилгеси менен 8-ноябрда Жогорку Кеңештин, Өкмөт үйүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана сот имараттарынын алдында 2017-жылдын 1-декабрына чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Тыюу салууну жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына байланыштуу киргизишкен.

Соттун токтомуна ылайык, митингдер Бишкектин «тиричилик жүргүзүү аракети менен туруктуулугун бузуп», «өзгөчө улгайган адамдардын» жана жарандардын «тынчсыздануусун, бушайман болуусу менен наарызылыктарын» чакырат.

Ошондой эле, соттун чечиминде митингдердин уюштуруучулары өз жүрүм-турумдарын көзөмөлдөшпөгөндүктөн улам митингдерге катышпаган жарандардын укуктарын бузуп, транспорт кыймылынын жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратышып, тыгындардын пайда болушун шартташат.

Бийлик Чүй проспектиси, Чүй-Логвиненко, Чүй-Панфилов жана Тыныстанов-Фрунзе көчөлөрүндө митингдерди өткөрүү 24-ноябрда, Жээнбековдун инаугурациясы күнүндө, «жол транспорт кыймылынын жүрүшүнө ыктымал тоскооолдук жаратууга алып келиши мүмкүн» деп эсептешти.

«Тыгындар тургундардын жана шаар конокторунун арасында нааразычылыктардын чыгышына алып келип, социалдык, медициналык, өрт өчүрүү кызматынын жана укук коргоо органдарынын жумушуна тоскоолдуктарды алып келет […] Жогоруда аталгандар Бишкектин стратегиялык маанидеги көчөлөрү», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тыюу салуу 1-декабрга чейин уланат.

Бардык чогулуштар менен митингдер Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы гүлбакчада өтүшү керек.

Мурдараак Биринчи май райондук соту июлдун аягынан баштап 20-октябрга чейин Ала-Тоо аянтында, Боршайкомдун, парламенттин жана министрликтердин имараттарынын алдында митингдерге тыюу салган.

Мындан тышкары, каршылык акциялары оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши боюнча соттук жараяндар өтүп жаткан Биринчи май райондук сотунун алдында дагы тыюу салынган болчу.

Бирок акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектин бийлиги жарандардын конституциялык укуктарын бузганын айтып чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: