Атамбаев Казакстандын 100 млн долларынан баш тартуу боюнча мыйзамга кол койду

Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын 100 млн доллар техникалык жардамынан баш тартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзамды 9-ноябрда парламенттин депутаттары бир добуштан колдошкон. Чечим эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык жаңжалдардын шартында кабыл алынды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев 100 млн доллар өлчөмүндөгү казак жардамынан баш тартуу мыйзамына кол коюп, Кыргызстандын ТИМине Казакстандын өкмөтүнө келишимди денонсациялоо боюнча билдирүүнү тапшырды.

Президент 15-октябрда билдиргендей, Кыргызстан казак жардамына «муктаж эмес».

«Азыр мени казактар бизге 100 млн доллар берип жатканы үчүн жемелешүүдө […] Бул техникалык жардам деп аталат. Биз аларга көйгөйлөрүбүз менен баргыча алар үч жыл күтүштү. Чындыгын айтканда, бизге мындай жардамдын кереги жок», — деп билдирген президент.

Келишимди денонсациялоо үчүн Кыргызстандын 11 мекемеси тийиштүү каржылоону албай калат.

Казакстандын өкмөтү дагы Кыргызстанга техникалык жардам бөлүү боюнча келишимди денонсациялоо боюнча ушундай эле мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Казак парламентинин депутаттары бул каражаттарды өлкөнүн социалдык тармагын өнүктүрүүгө жумшаса болот деп эсептешүүдө.

Кыргызстан менен Казакстан $100 млн өлчөмүндөгү техникалык жардам бөлүп берүү боюнча макулдашууга 2014-жылы кол койгон. Бул каражатка Кыргызстанда лаборатория курууну пландашкан.

Бирок эки өлкө ортосундагы кайым айтышуудан кийин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Кыргызстандын өкмөтү өз каражатына керектүү болгон бардык инфраструктураны салып алганын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: