Бул мектепке Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жашоочулары билдирме жөнөтө алышат.

Сабактар өтө турган убакыт: 18-декабрь 2017-жыл — 16-март 2018-жыл
«Клооп Медианын» дареги: Ош шаары, Алиев көчөсү 161 А

«Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби — практика аркылуу билим алууга шарт түзгөн кайталангыс курстар.

Бул мектеп сизди мультимедиалык журналистикага үйрөтөт. Анда сиз текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону үйрөнүп, андан тышкары медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласыз

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

  • Журналистиканын негиздери менен тааныштырып, кантип жаңылык жазууну үйрөтөт;
  • Фото жана видеорепортаждарды даярдоонун ыкмалары менен тааныштырат;
  • Мобилдик телефондон видео тартуунун жолун үйрөтөт жана түз эфирге чыгуунун жол-жобосу менен тааныштырат;
  • Журналисттердин кандай укуктары бар? Журналисттердин этикасы деген эмне? Журналисттик ишмердүүлүккө кайсы мыйзамдар тиешелүү? деген суроолордун жообун берет
  • Журналистика мектебин ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат тапшырылат.

Кимдер катыша алат?

Катышуучулар төмөнкү шарттардын негизинде кабыл алынат:

  • журналистикага кызыгуу;
  • эгерде жашыңыз 18ге толо элек болсо, ата-энеңиздин же сизди асыроого алган кишинин уруксат кагазын толтуруп, school@kloop.kg дарегине же 0559 300 336 WhatsApp номерине жөнөтүңүз (форманы бул жерден жүктөп алсаңыз болот).

«Клооп медиа» мектептин катышуучуларына төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • жол кире;
  • бекер жатакана;
  • стипендия.

2017-жылдын 6-декабрына чейин төмөнкү билдирмени толтуруп жөнөтүңүз. Билдирменин негизинде 12 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат. Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!

Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:

Телефондор: +996 559 300 336; +996 772 300 336
Электрондук почта: school@kloop.kg

Онлайн билдирме: