Милиция балдар жөнүндө сюжет үчүн «Бешинчи каналдын» журналисттерин кармады

Арыктап кеткен эки бала жөнүндө сюжет тартканы барган «Бешинчи каналдын» журналисттерин Токмоктун жугуштуу оорулар бейтапканасына киргизбей коюшту. Милиция журналисттерди оорукананын бөлүм башчысынын орун басарынын арызы боюнча кармашкан.

«Бешинчи каналдын» шеф-редактору Дмитрий Ложников өзүнүн фэйсбугунда билдиргендей, журналист Юлия Кулешова-Лестада менен оператор Канат Рыскуловду Токмоктун милициясы кармаган.

Анын айтымында, журналисттер арыктап кеткен эки-үч айлык ымыркай жөнүндө жана эмне үчүн балдар мындай кырдаалга туш болгондугун билүү үчүн Токмоктун жугуштуу оорулар бейтапканасына барышкан.

«Алардын энесинин паспорту жок жана алардын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок. Эмне үчүн социалдык кызматтар бул нерсеге көз салышкан эмес? Теле сюжет тарткан топ ооруканага келишип, жетекчилик менен маек куруу боюнча сүйлөшүүнү көздөшкөн», — деп жазган Ложников.

Бирок бөлүм башчынын орун басары «бизге пиардын кереги жок» деген сөздөр менен журналисттерди кууп чыккан.

«Оператор имараттын тышынан тартып алууга аракет жасаган, бирок бөлүм башчынын орун басары аны түртүп, камеранын кайсы бир бекиткичин сындырып салган», — деди Ложников «24.kg» басылмасына курган маегинде.

Ошондой эле, милициянын нөөмөтчүлөрү келгенден кийин оорукананын жетекчилиги адвокаттарды чакырган.

Милицияда Исаева журналисттерге каршы арызды кайтарып алгысы келген, бирок аны кайтарууга мүмкүн болгон эмес, анткени ал каттоого алынып калган болчу.

Чүй облусунун ИИБнен «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, милиционерлер мушташуу жөнүндө кабар алышкандан кийин ооруканага барышкан.

«Оорукана менен "Бешинчи каналдын" кызматкерлери Токмок шаарынын РИИБне жеткирилишкен. Териштирүүлөр жүрүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Ложниковдун айтымында, «Бешинчи каналдын» кызматкерлери журналисттердин ишине тоскооолдук жаратуу жана мүлктү бузуу фактысы боюнча оорукананын дарыгерлерине каршы арыз жазышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан «24.kg» басылмасына билдиришкендей, журналисттер Токмоктун жугуштуу оорулар бейтапканасынын дарыгерлерине кабарчылардын келиши боюнча билдирүү жөнөтүү үчүн мекемеге алдын ала кайрылышы керек болчу.

Ошондой эле, мекемедегилер эки ымыркайдын абалы туурасында маалымат беришти. Аларды 14-ноябрда ичеги оорусу менен ооруканага жаткырышкан, дарыгерлер алардын абалдарын туруктуу деп баалашууда. Бир нече күндөн кийин доктурлар балдарды чыгаруу маселесин чечишет.


ТЕМА БОЮНЧА: