Бишкек: Маршруттук такси жеңил унаа менен сүзүшүп, 12 адам жабыркады

Сүрөт: vb.kg

Гагарин менен Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бишкектин тез жардам көрсөтүү борборунун маалыматына ылайык, 12 адам жабыркаган.

Жол кырсыгы болжолдуу саат 14:30да Гагарин менен Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, кичи автобустун айдоочусу жөө жүргүндү өткөзүү үчүн дароо унаасын токтото калган жеңил машинанын артында токтогонго үлгүрбөй калган.

Маршруттук таксинин айдоочусу сүзүшүүдөн качып, алдында турган машинадан буйтап өтүүгө аракет жасаган. Буйтап өтүү учурунда ал жолдун каршылаш тилкесине чыгып, бирок каршылаш келе жаткан машинаны сүзгөн.

Бишкектин тез жардам көрсөтүү борборунан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 12 адам жабыркап, оор жаракат алган жүргүнчүлөр болгон эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: