«Үйсүздөрдүн үйү». Чүй облусунда селсаяктар кантип кадимки жашоого кайтууда?

Бишкектен алыс эмес Кызыл-Туу айылында жашаган Муса Иманалиев үйсүз калган жардамга муктаж адамдарды өз бүлөсүнө кошуп багып келет. Он жылдан ашуун убакыттан бери ал 300дөн ашуун селсаякка жардам колун сунуп, жашоого кайтарууга аракет кылган. Учурда анын үйүндө 17 ар кандай оор тагдырга туш болгон киши жашайт.

60 жаштагы Муса Иманалиев 13 жылдан бери жардамга муктаж болгон коомдун аяр катмарын өз үйүндө багып келет. Бул убакыт аралыгында түрдүү кыйынчылыкка кабылган 300дөн ашуун кишини өз кароосуна алган.

Иманалиевдин айтымында, 60 пайыздан ашууну кадимки жашоого кайтышкан. Анын үйүндө жашап кеткендердин арасында бир эле селсаяктар эмес, кулчулукка кабылгандар, багар-көрөөрү болбогондор, ата-энеси кароосуз калтырган өспүрүмдөр да болгон.

«Алардын катарында ушул жерден табышып, турмуш курган 10 үй-бүлө бар, учурда сегиз үй-бүлө бактылуу жашап жатат. Айрымдары мени "өкүл ата" да кылып алышкан», — дейт Иманалиев.

Ал мурда укук коргоо тармагында 10 жылдай эмгектенген. Жумушунда тартип сакчылары уруп-согуу аркылуу эмес, мыйзам чегинде иштеши керек деген принципти карманчу. Акыры ар кандай шылтоолордун айынан жана түшүнбөстүктөрдөн улам кызматтан кеткенин айтат.

Жумушунан четтетилгенден кийин 10 жылдан ашуун аракечтикке берилип, селсаяк болуп кеткен — анын 2 жылын көчөдө жашап өткөргөн.

«Менин оюмча милиция кызматкери — бул жазалоочу эмес тарбиялоочу. Ошондон кийин баарынан көңүлүм калып, 10 жылдай аракеч болуп жүрдүм. Арак менен достошкон кишинин үй-бүлөсүндө тынч болмок беле? 8 жыл үйгө да тынчтык бербептирмин. Молдо, кожо, сопулардан да жардам болгон жок. Калган эки жылын арактан башканы көзүм көрбөй көчөдө жашадым», — дейт Иманалиев.

Күндөрдүн биринде Иманалиев апасына акча сурайын деп барганда, тун кызынын турмушка чыгып жатканынын кабарлашат. Бул жаңылыкты уккандан кийин өзүнө өзү суроо салып, ичкиликти токтотуу чечимин кабыл алат.

«Апама арак сатып алуу үчүн акча сураганы барсам, улуу кызымдын турмушка чыгып жатканын айтты. Анан эле көзүмдөн жаш тынбай төгүлө баштады. Апам "Сага жакшы жаңылык айтып жатсам эмне ыйлап жатасың?" деп сурады. Мен эч нерсе дей албай туруп калдым. Кийин тоого чыгып, жаратылыш менен сырдаштым. Кызымдын турмушу жөнүндө көп ойлондум. Кайын-журтунун арасында жүзүн жер караткым келген жок. Ошол күндөн тарта арак ичүүдөн баш тарттым», — деп эскерет Иманалиев ошол күндөрүн.

Кылган иш-аракеттерин мыйзамдаштыруу үчүн Иманалиев 2005-жылы «Ыйык Рух» деп аталган уюм түзүп, андан кийин борбор калаадан 30 километр алыстыкта жайгашкан Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан 32 сотых жер тилкесин сатып алган. Кийинчерээк кайрымдуу жарандардын колдоосу менен жашоого бардык шарты бар 5 бөлмөлүү жатакана курууга жетишкен.

Анын жубайы Райкан Иманалиева жолдошу ичпей калгандан кийин үйүнө селсаяктарды алып келип, ысык тамагын берүүнү адат кылып алганын айтат.

«Кадимки үй-бүлөдөй эле чогуу жашайбыз, бир дасторкондон чай ичебиз. Саламаттыгы ар кандай адамдар келип кетти. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган киши менен деле бир тамда жашадык. Башында көпчүлүккө камыр жууруп, нан бышырам деп колдорум чор болуп кетчү. Азыр болсо, үй оокатын баарыбыз чогуу кылабыз», — дейт Райхан Иманалиева.

Үч баланы тарбиялап чоңойткон жубайлар эки жыл мурун эрмек болсун деп бир ымыркайды асырап алышкан. Биз барганда очокко казан асылып, күрүч басылып жатыптыр. Бул күнү ошол асырап алган Назиктин үч жашка толушун майрамдап жатышкан экен.

Муса Иманалиев өзүнүн иш бөлмөсүнө алып барып, өздүк делолор жайгашкан папканы ачып, түрдүү тагдырлар менен тааныштырды. Алардын ичинде Ошто кулчулукка кабылып, кайдыгер эмес адамдардын жардамы менен качып келген 16 жаштагы Евгенийдин баяны бар. Ал ушул жерде жашап жүрүп 18ге чыгыптыр. Андан кийин эт азыктарын өндүргөн ишканага жумушка орношуп, ошол жерден бактысын тапты дейт Иманалиев. Өз уулундай болуп калган Евгений жакында балалуу болоорун сүйүнчүлөгөнүн айтып кубанды ал.

Андан тышкары Иманалиевдин үйүндө алыскы Баткен облусунун тургуну да жашаган. Журналисттер даярдап кеткен репортаждан кийин аксакалды байбичеси көрүп калып, Баткенден келип өз үйүнө алып кеткен.

«Ал аксакалдын жумуш кылганга алы келчү эмес да. Ушинтип эле отура беремби деп кейичү. Кийин комуз черткенин айтып калды. Комуз сатып бергенден кийин көңүлү ачылып, маанайы куунак жүрдү. Журналисттер даярдап кеткен репортаждан аксакалды байбичеси, балдары таанып калып Баткенге алып кетишти», — дейт Иманалиев.

Төрт жарым жылдан бери Иманалиевдин үйүндө баш калкалаган 42 жаштагы Алтынбек Кадыров (аты-жөнү өзгөртүлдү) да бир убактарда ичкиликке катуу берилип кеткендерден. Аракечтиктен кутулгандан кийин үй-бүлөсүнөн кабар алганы барган. Бирок, жакындарынан күткөн жылуулукту сезбеген Алтынбек бир апта туруп эле кайтып баса берген. Борборго келгенде аны Муса Иманалиев кайра тосуп алып, ошондон бери ушул жерде жашап келет.

«Мени бир туугандарым бөлүп салган жок. "Чык, кет, жолобо, караба!" деген да жок. Алар менен чогуу жашап, өзүмдөн-өзүм жүдөп кеттим. Соо жүрбөй ичип жүрөсүң да! Кечке маал болуп калса, "жатпайсыңбы саат мынча болуп калды" дейт. Жатып алсаң, "эмнеге эрте жаттың?" дейт. Бергенин жейсиң. Суюк тамак жегиң келип калса коюу болуп калат экен. Бул жерде өзүң каалаганды жасап жесең болот. Мында өзүмдү эркин сезем. Негизгиси ушул», — дейт Кадыров.

Эргүү келгенде Алтынбек ыр жазат. Ал учурда Муса Иманалиевге арналган ыр жыйнагынын үстүнөн иштеп жатат. Чыгармачыл киши өз калемине таандык ырларынан окуп берди.

«Тар сезилип чексиз адам кеңдиги,
Таң тосомун түпсүз ойго чөмүлүп,
Өзүң сунган өгөйлүктүн отунан,
Өз дүйнөмдө өзүм жүрөм көмүлүп.

Башта мага тийешелүү денедей,
Маржаланып кесилген бир бөлүкмүн,
Тийген өңдүү ээн жердин эпкини
Тирүүлөрдүн арасында өлүкмүн.»

Үстү-башы таза, чачтары боёлгон, тырмактарына маникюр жасалган 35 жаштагы Айсалкын Алмазбекова (аты-жөнү өзгөртүлдү) Иманалиевге жардам сурап жакында эле келген. Бул жакта аны түшүнө алган адамдар бар экенин айтат.

«Бул жерде элдин баары сени түшүнөт. Өз башынан өтпөгөндөн кийин психолог болсо да, окумуштуу болсо да баары бир түшүнө албайт. Өз башынан өткөргөндөр гана, "ооба, мен сени түшүнө алам" деши мүмкүн. Бул жакка келгенден бери жан дүйнөм эс ала түштү», — дейт Алмазбекова.

Чоң үй-бүлөнүн короосунда жылкы жана коён багылат. Эркектер тактайларды тилип, кошумча каражат табышат. Үйдөн үч километр алыстыкта Иманалиев ачкан уюмдун мал сарайы да бар. Ал жакта Иманалиевдин үйүндө таанышып баш кошкон бир үй-бүлө жашап, мал жандыктарына көз салып турушат. Кыш мезгилине бул чоң үй-бүлө жарым-жартылай гана даяр экенин айтат.

«Кышка деп эки-үч тонна көмүр түшүрүп алдык. Бирок бул төрт айга жетпейт. Тамак-ашыбыздан да муктаждык бар. Жыйырма кишини багууда оңой эмес да» — дейт Иманалиев.

Муса Иманалиев келечекте бирикменин ишин ушул жакта жашагандардын арасынан тыңыраагы улантып кетсе деген ниетте.

Даярдагандар: Гүлжан Эшбаева, Нуртаза Абдиев, Салик Исаков, Элвира Акимова.