Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салат

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстанда үч айдын аралыгында көмүргө болгон бааны жөнгө салуу боюнча токтомго кол койду. Мындай чечим көмүрдүн баасы дароо жогорулап кеткенине байланыштуу кабыл алынган.

Көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча токтом күчүнө кирди.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы айда көмүргө болгон баа жогорулап кеткен. Айрым аймактарда көмүрдүн баасы 20 пайызга өсүп кеткен, бирок анын дүң баасы мурдагы деңгээлде калган.

Экономика министрлиги көмүргө болгон баанын жогорулап кетишинин негизги себеби катары кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү жана Казакстандын бийлигинин Кыргызстанга көмүрдүн экспорттолушуна тыюу салганын атоодо.

Кыргызстан өзүн көмүр менен болгону 70 пайызга камсыздайт, ошондуктан көмүрдү Казакстандан сатып алат.

Кыргызстандын көптөгөн тургундары көмүрдүн жогорку сапатына карап, Казакстандан сатып алышат.

Көмүрлөрдү ташуу эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык араздашуулардан кийин үзгүлтүккө учурай баштаган.

Мамилелердин бузулуп кетишине Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрда айткан сөздөрү себеп болгон, анда ал Казакстандын бийлигин өлкөнүн «байлыктарын урдоого» күнөөлөгөн.

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүшкөн, натыйжада бул жүктүү унаалардын чоң тыгындарынын чыгышына алып келген. Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдөгү кыйынчылыктар дагы эле болуп жатат.

Азырынча араздашуу качан чечилээри белгисиз, анткени Атамбаев 15-ноябрда Казакстандын бийлигинен кечирим сурабай тургандыгын билдирип, ошондой эле, аларды Кыргызстанды «блокадага» алуу жана «ЕАЭБди бузуу» боюнча күнөөлөгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: