Исаков: Кыргызстандын Казакстанга басым кылуу ыкмалары «көп»

Премьер-министр Сапар Исаков билдиргендей, эгерде Казакстан менен кырдаал «ушундай эле жаман бойдон» кала турган болсо Кыргызстан өзүнүн басым көрсөтүү боюнча ыкмаларын колдонот.

Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан Казакстанга салыштырмалуу «өзүн карманып», кысым кылуу ыкмаларын колдонгон жок.

«Биз аларды колдонгон жокпуз жана мен ага чейин жеткиришпейт деп ойлойм. Анткени биз башкаларга караганда өзүбүздү кармап, бул кысым көрсөтүү ыкмаларын колдонгон жокпуз. Бирок эгерде кырдаал ошого алып барса, биз бардык ыкмаларды колдоно баштайбыз, убакыт аз калды», — деди ал.

Исаков билдиргендей, өлкөнүн бюджетине 1 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн, бирок алар өлкөнүн «экономикасына анчейин деле таасир этпейт.»

«Бул анчейин деле экономикага таасир этпейт — бул болжолдуу 0,3%, бюджетке 1 млрд сомдон ашык акча түшпөй калышы мүмкүн. Бирок бул бизге Кудай берген кошунабыз деп ойлойм. Ошондуктан биз бир аз күтө турабыз. Эгерде болбосо, каражаттарды колдоно баштайбыз», — деди ал.

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы ушундай эле көз карашты карманат, ал Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында «өлкө бул нерсени башынан кечире алат» деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: