Сапар Исаков: Жолдордо камералар 2018-жылдын жазында пайда болот

Премьер-министр Сапар Исаков билдиргендей, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу 2018-жылдын жазында башталат. Азырынча кайсыл компания жолдордо камераларды орнотоору белгисиз.

Исаков 20-ноябрда парламенттик комитеттин жыйынында билдиргендей, жолдордо камералар 2018-жылдын жазында пайда болот.

«Бүгүн дүйнөлүк базарда бул багыт боюнча тажрыйбасы бар эки компания менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Дагы бир аз убакыт берсеңер бюджетке күч келтирбестен иштөөгө аракет кылабыз», — деди ал.

Өкмөт камераларды Бишкек менен Ошто, ошондой эле, туристтер Ысык-Көлгө бара турган Бишкек-Чолпон-Ата жолунда орнотууну пландап жатат.

Исаковдун айтымында, жолдордо камераларды орното турган компаниянын штрафтарды чогултуусу боюнча чоң тажрыйбасы болушу зарыл. Ошондой эле, бул компания жабдыктарды тейлөө үчүн Кыргызстанда адистерди окутушу керек болот.

Премьер-министр Кыргызстанга жабдыктарды өткөрүп бергенден кийин аны көз карандысыз компания башкарышы зарыл деп эсептейт.

«Анткени эгерде биз ИИМге же мэрияга өткөрүп бере турган болсок, ал жакта сөзсүз түрдө коррупция башталат», — деди ал.

Мурдараак Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети билдиргендей, жолдордо камераларды Кытайдын Huawei компаниясы орнотушу мүмкүн. Бирок кайсы компания жолдордо камераларды орното турганы боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Өкмөттүн планында камералар Бишкек менен Оштун жолдорунда 30-ноябрга чейин пайда болушу керек деп көрсөтүлгөн. Ал учурда Патрудук милиция билдиргендей, система штрафтарды машинанын чыныгы ээсине эмес унаа кимге катталган болсо ошого жөнөтөт.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ жолу жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону премьер-министр Сапар Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бирок учурда бийлик ишке ашырган жалгыз иш-чара — бул мектеп жана бала бакчалардын жанында жаткан полицияларды орнотуу болгон.

Бийликтегилер Бишкектин жолдорундагы эреже бузууларды каттаган камераларды 2011-жылдан бери эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотууну убада кылып келишет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериштериндеги кесилиштерде болгону бир нече камералар коюлган.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик бүгүнкү күнгө чейин утуп алган «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошууда. Долбоор 60 млн долларга бааланган.

Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын июлунда билдиргендей, долбоорду «Мегаком» байланыш операторун сатуудан түшкөн каражатка ишке ашырышмак. Бирок азырынча компанияны сатыша элек.


ТЕМА БОЮНЧА: