Сузакта бала зордуктаган имам 21 жылга эркинен ажыратылды

Сузак райондук соту он жашар баланы зордуктаган имамды күнөөлүү деп тапты. Ошондой эле, соттолуучу баңгизаттарын жана экстремисттик материалдарды даярдоо беренелери боюнча айыпталды. Ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында жазасын өтөп жатат.

Имамды 2016-жылдын октябрында бул иш боюнча 7 жылга соттошкон. Бирок айыпталуучуга карата жумшак өкүм чыгарылгандыктан Жалал-Абад облусунун прокуратурасы ишти кайра карап чыгууну сунуштаган.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Сузак райондук соту кылмыш ишин 28-сентябрда караган. Өкүм даттанылбагандыгына байланыштуу ал 9-октябрда күчүнө кирген.

Сот имамды «Жаш адамга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен 20 жылга жана «Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү», «Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү» беренелери боюнча алты жылга эркинен ажыраткан.

Ал күчөтүлгөн тартиптеги абак жазасына кесилип, жалпы жаза мөөнөтү 21 жылды түзгөн. Мындай өкүмдү сот жазаларды бири-бирине жарым-жартылай кошуу менен чыгарган.

Ошондой эле, соттолуучу динге байланыштуу кызматтарды ээлөө, иш жүргүзүү укугунан ажыратылган.

Өткөн жылдын июнь айында баланын зордукталганы боюнча апасы милицияга кайрылган.

Соттолуучу 2013-жылдан бери имамдык кылып келген. Мечиттин жамааты имам тууралуу жакшы пикирде болгонун айтышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: