Алкоголдук ичимдиктердин баасы өсөт — өкмөт акциз салыгын жогорулатты

Премьер-министр Сапар Исаков алкоголдук ичимдиктерине болгон акциз салыгын жогорулатуу боюнча токтомго кол койду. Жогорулатуулар Кыргызстанга киргизилген жана өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктерге тийиштүү.

Исаков 17-ноябрда жаңы акциз тарифтери менен токтомго кол койду, ал жарыяланган күндөн тартып, 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Мисалы күчтөндүрүлгөн суусундуктар менен бальзамдарга болгон баа литрине 6 сомдон баштап 70 сомго чейин жогорулады. Виного болгон салык 9 сомдон 12 сомго көтөрүлдү.

Ошондой эле, акциздик салыктар сыра ичимдигине карата 14 сомдон 17 сомго чейин өстү. Алкоголу аз ичимдиктерге болгон салыктын баасы 30 сомдон 70 сомго чейин жогорулады.

Коньяк продукциясына болгон акциз 42 сомдон 52 сомго, ал эми шампанга болгон салык 34 сомдон 45 сомго өстү.

Мындан тышкары, салыкты өлкөдө өндүрүлгөн жана киргизилген алкоголго дагы жогорулатышат.

Өкмөт акциз салыгын товардын акыркы баасына үстөк катары киргизет. Бул салык продукцияны өндүрүүгө кеткен чыгымдар менен байланыштуу эмес, ошондуктан аны керектөөчү төлөйт.

Кыргызстанда акциз алдындагы тобуна алкоголдук продукциялардан тышкары тамекилердин түрлөрү менен мунай заттар кирет.