Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин эмнелерге ээ болот?

Алмазбек Атамбаев саналуу күндөрдөн кийин 24-ноябрда президент болбой калат. Бирок ал өмүр бою өзүнө кол тийбестик укугун сактап калып, мамлекеттик үй менен ири өлчөмдөгү пенсияга ээ болот.

Атамбаев Роза Отунбаева сыяктуу эле мурдагы президент макамын алат. Бул макам Атамбаев менен анын жакынкы айланасындагыларга өмүр бою пайдалана ала турган бир катар артыкчылыктарды берет.

Негизинен Атамбаев кол тийбестикке ээ болуп, президент болуп турган учурунда жасап же жасабаган аракеттери үчүн административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Мурдагы президенттин ар-намысы менен кадыр-баркы кол тийбестик макамын алат. Ошондой эле, мурдагы президентти тинтип же суракка алууга тыюу салынат.

Мындан тышкары, кол тийбестик Атамбаевдин бардык мүлкү менен анын ичинде транспортун дагы камтыйт.

Жада калса президенттик ыйгарым укуктары аягына чыккан учурда деле Атамбаев баары бир ай сайын учурдагы өлкө башчысынын маянасынан 75 пайыз өлчөмүндө акчаны алып турат.

Эгерде Сооронбай Жээнбековдун эмгек акысынын расмий өлчөмү 103 миң сомду түзсө (учурдагы президенттин маянасы ушундай), ал эми Атамбаев мамлекеттен ай сайын 77 миң сомдон алып турат.

Пенсиялык куракка жеткенден кийин мурдагы президентке ушундай өлчөмдөгү пенсия чегерилет. Төлөмдөрдүн өлчөмү президенттин эмгек акысынын өсүшү же азайышы менен өзгөрүп турат.

Мамлекет тарабынан Атамбаевге көрсөтүлгөн акчалай жардамдан тышкары ал үчүн айрым бир кызматтар өмүр бою акысыз болот. Мисалы, аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарын пайдалануу, байланыш кызматтары, почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү, ал эми анын үй-бүлөсү акысыз медициналык тейлөөгө ээ болот.

Мындан тышкары мурдагы президентке өмүр бою берилүүчү артыкчылыктарга Кыргызстандын аймагында мамлекеттик күзөткө алуу кирет, ошондой эле, ага өмүр бою пайдаланууга мамлекеттик үйлөрдүн бирөөсү берилет.

Турак жайды, транспорттук каражаттарды жана башка кызматтарды пайдалануу боюнча бардык чыгымдар мамлекет тарабынан төлөнөт.

Эгерде мурдагы президент кайтыш болсо мамлекет анын үй-бүлөсүнө ай сайын мурдагы президенттин пенсиясынын өлчөмүнө алты эселенген шайкеш жөлөкпүл төлөп турат. Ошондой эле, анын үй-бүлөсү кызматтык авто транспортту колдонуу укугуна ээ болот.


ТЕМА БОЮНЧА: