«Авто мектептердин 40 пайыздан ашууну эреже бузуулар менен иштейт»

Билим берүү министрлиги өлкө боюнча 99 авто мектепте эреже бузууларды аныктады. Жалпысынан Кыргызстанда 223 авто мектеп катталган. Текшерүүлөр жолдордогу коопсуздукту камсыздоо үчүн Сапар Исаковдун буйругу менен жүргүзүлүүдө.

Билим берүү министрлигинин лицензиялаштыруу жана аккредитациялоо боюнча башкармалыгыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Казыев билдиргендей, Кыргызстандын 99 авто мектебине эреже бузуулар үчүн эскертүүлөр берилди. Жалпысынан өлкөдө 223 авто мектеп иштейт.

Казыевдин айтымында, авто мектептер имараттарды, автодромдорду ижарага алуу келишимдеринин мөөнөттөрүн өткөрүп жиберишкен, ошондой эле, окутуу процесстеринин эрежелерин бузушуп, сабактардын жадыбалдарын иштеп чыгышкан эмес.

Авто мектептерге эреже бузууларды жоюуга үч ай убакыт берилди, болбосо алардын лицензиялары токтотулат. Ошондон кийин мектептердин ээлери соттон иштерин улантууга уруксат алуулары керек болуп калат.

Казыевдин айтымында, 45 мектепке мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган эреже бузууларды жоюшпагандыктары үчүн 5000 сом штраф салынган.

Авто мектептер жана айдоочулар ассоциациясынын вице-президенти Жылдыз Мурзабекова 21-ноябрда билдиргендей, жол кырсыктарынын санынын өсүшүнө авто мектептерди күнөөлөө акылга сыйбаган нерсе.

«Айдоочулардын жол кыймыл эрежелеринин бузушу үчүн мамлекет, көзөмөл өргандарынын кызматкерлери же авто мектептер жоопкерчилик тарта алышпайт. [...] Биринчи кезекте айдоочулар өздөрү күнөөлүү», — деди ал.

Мурдараак премьер-министр Сапар Исаков өкмөт өлкөнүн жолдорундагы көптөгөн жол кырсыктары үчүн авто мектептердин лицензиялык талаптарын күчөтө тургандыгын билдирген.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону өкмөт башчысы Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бийликтегилер Бишкектин жолдорундагы эреже бузууларды каттаган камераларды 2011-жылдан бери эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотууну убада кылып келишет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериштериндеги кесилиштерде болгону бир нече камералар коюлган.

Премьер-министр Исаков 20-ноябрда билдиргендей, Кыргызстандын жолдорунда камералар 2018-жылдын жазында пайда болот.


ТЕМА БОЮНЧА: