Толкунбек Абдыгулов вице-премьер-министрлик кызматка келди

Толкунбек Абдыгулов. Сүрөт: «Азаттык»

Өкмөт Толкунбек Абдыгуловду вице-премьер-министрлик кызматка бекитти. Ага чейин бул кызматты Дүйшөнбек Зилалиев ээлеп турган. Учурда Абдыгулов аркалап турган биринчи вице-премьер-министрлик кызматка «Бир Бол» фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев талапкер болууда.

Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитет 21-ноябрда вице-премьер-министрлик кызматка Толкунбек Абдыгуловду жактырды. Абдыгулов бул кызматка мурдараак жумуштан алынган Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келет. Буга чейин Абдыгулов мындан жогоруураак биринчи вице-премьер-министрлик кызматты ээлеп турган болчу.

Премьер-министр Сапар Исаков комитеттин жыйынында билдиргендей, Абдыгуловдун карамагында экономика маселелери болот.

Ал эми Абдыгуловдун ордуна биринчи вице-премьер-министрлик кызматка «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев талапкер болууда.

«Биринчи вице-премьерлик кызматка азырынча талапкер бекитиле элек. Кеңешип жатабыз», — деди Сапар Исаков журналисттерге.

Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьерлик кызматка Темир Жумкадыров жол кырсыгынан кайтыш болгондон кийин 10-октябрда киришкен. Ошондой эле, Абдыгулов Жумакадыровдун ордуна Президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектей баштаган.

Зилалиевди вице-премьер-министрликтен өкмөттө үч ай иштегенден кийин 17-ноябрда кызматтан кетиришкен. Бийлик Зилалиевдин кетишин «башка ишке өтүүсү» менен түшүндүргөн. Азырынча Зилалиев кайсыл кызматты аркалай турганы белгисиз.

Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматтагы иши учурунда кийинчерээк Кыргызстан тараптан бир жактуу жокко чыгарылган чыгашалуу чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишим түзүүгө үлгүргөн.

Ошондой эле, Зилалиевди шайлоо өнөктүгү учурунда бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго «жеке артыкчылык бергени» үчүн Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилик кызматынан алышкан.

Мындан тышкары Зилалиев «Кумтөр» ишканасына компаниянын карьерине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштетүүгө уруксат берген Суу кодексине өзгөртүүлөрдү колдогон.


ТЕМА БОЮНЧА: