УКМКнын кызматкери жол кырсыгына кабылды

Сүрөт: АКИpress

Бишкектин патрулдук милициясы билдиргендей, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жол кырсыгына кабылган «Шевроле Субурбан» үлгүсүндөгү жолтандабастын рулунда УКМКнын кызматкери болгон.

Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, «Шевроле Субурбандын» рулунда отурган УКМКнын кызматкери 16-ноябрда техникалык кароодон кийин гараждан чыгып, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясын көздөй кетип бара жаткан.

Бирок кетип бара жаткан жолдо «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү машина менен сүзүшкөн.

«Тойотанын» жүргүнчүсүнүн айтымында, жол кырсыгына жолдун каршылаш тилкесине чыга калган «Шевроле» үлгүсүндөгү жолтандабастын айдоочусу күнөөлүү болуп калган.

«Эч кандай сигнал берүү болгон эмес. Алар ийри-буйру айдашып, каршылаш тилкеге чыга калышты. Алар таптакыр көрүнгөн эмес», — деген ал.

Жол кырсыгынан кийин эки жолтанддабастын айдоочулары медициналык экспертизадан өтүшкөн, натыйжада ал жол кырсыгы учунда алар соо экенин көрсөткөн. Патрулдук милиция иликтөөнү улантууда.


ТЕМА БОЮНЧА: